Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

Сахаров сыйлыгы маркум Махса Аминиге жана “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылына ыйгарылды


Евробиримдиктин Сахаров сыйлыгы быйыл ирандык студент, маркум Махса Аминиге жана “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылына ыйгарылды.

Амини былтыр хижаб кийүү эрежесин бузган деген кине менен кармалып, жабык жайда көз жумгандан кийин Иранда ири нааразылык акциялары тутанган. Митинг, демонстрацияларда “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” деген ураандар жаңырган.

“Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылынын түптөөчүсү, ирандык укук коргоочу Наргиз Мохаммади быйыл Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган. Активист 31 жылга кесилип, ушу тапта Тегерандагы Эвин түрмөсүндө отурат.

Советтик физик жана диссидент Андрей Сахаровдун ысымы менен аталган “Ой жүгүртүү эркиндиги” үчүн сыйлык 1988-жылдан бери адам укуктарын коргоого чоң салым кошкон инсандар менен уюмдарга ыйгарылып келет.

Былтыр анын лауреаты Украина эли болгон. Анын мурдагы жылдары орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга, беларус оппозициясына, Кытайдагы уйгурлардын укуктарын коргогон окумуштуу, камакта отурган Илхам Тохтиге берилген.

XS
SM
MD
LG