Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Токтогул суу сактагычында 11,875 млрд метр куб суу бар


Токтогул ГЭС
Токтогул ГЭС

19-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 875 млн метр кубду түздү. Бул былтыркы ушул күнкү көрсөткүчтөн дээрлик 2 млрд метр кубга аз. 2022-жылы 19-октябрда суу сактагычта 13 млрд 696.15 млн метр куб суу болгон.

"Электр станциялары" ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суу чөйчөгүнө секундасына 310 метр куб суу агып кирсе, дал ошончо өлчөмдө кайра агып чыгууда. Агып кирген суунун көлөмү бир жыл мурдагыдан (238 метр куб) көбүрөөк, секундасына 310 метр куб болгону менен, акыркы бир айда суу сактагычтагы суунун көлөмү 265 млн метр кубга гана көбөйгөн.

2021-жылы суу сактагычта 12 млрд 190.96 млн метр куб суу болгон.

Токтогул суу сактагычынын чөйчөгүнө 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Акыркы жолу суу сактагычка 2010-жылы 19 млрд метр куб суу чогулган.

Суу сактагычтагы суунун тиешелүү өлчөмдөн аз болушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет. Ушундан улам быйыл бийлик энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Энергетика министрлиги быйыл кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбосун, таңсыктыкты жоюу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусия менен электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG