АКШ жана Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС куралдуу тобу барымтага алынгандардын үчүнчү тобун жекшембиде эл аралык Кызыл Чырым комитетине өткөрүп берди.
17 адамдын 14ү Израилдин жараны (анын ичинде орус жарандыгын алган теги израилдик бар), үчөө чет элдик экенин Израилдин армиясы билдирди.
ТАСС ХАМАСтын өкүлүнө шилтеме берип алардын баары Тайланддын жарандары экенин жазды.
ЦАХАЛ билдиргендей, бошотулгандардын бири, Израилдин жараны дароо ооруканага жеткирилген. 12 кишини Кызыл Чырымдын кызматкерлери жөөт аскерлерине өткөрүп беришти. Алар Хатцерим аскердик аба базасына жеткирилет. Калган төрт адам Египет менен чек арадагы Рафах көзөмөл-өткөрмө пунктун көздөй баратат.
Ташкенттеги синагоганын дубалына белгисиз адамдар палестиндерди жактаган ураандарды жазып кетишти. Бул тууралуу AZfront Телеграм-каналы өз катталуучуларына шилтеме жасап кабарлады. Өзбек бийлиги бул тууралуу комментарий бере элек.
Буга чейин аталган канал Израилдеги Диаспоралардын иши боюнча министрликтин ички документине шилтеме жасап, Ташкентте жөөттөрдүн эл аралык “Хабад” кыймылынын эки өкүлүнө кол салуу болгонун кабарлаган. Израил тарап бул окуядан кийин Өзбекстанда антисемитизм күчөшү мүмкүн экенин эскерткен.
Расмий Ташкент Өзбекстандагы синагогалар жана жөөттөргө тийиштүү башка жайлардагы коопсуздук чараларын күчөткөн.
Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда азыр 10 синагога бар. Ташкентте үч, Самарканд менен Бухарада экиден, калгандары Кокон, Фаргана, Маргалан жана Анжиянда жайгашкан.
1926-жылдары Өзбекстанда 19 миңдей жөөт болгон. 1989-жылы алардын саны 29 миңге жеткен. Анын ичинен 4200ү бухара жөөттөрү эле. 1990-жылдардын башында алардын көбү АКШ, Израил жана Европанын ар кайсы мамлекеттерине чыгып кетишкен.
Израил бийлиги менен ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда бошотула турган барымтадагылардын жана түрмөдөгү палестиндердин тизмеси боюнча пикир келишпестик жаралды. Катардык ортомчулар бул боюнча иштеп жатканын израил маалымат каражаттары жазышты. Азырынча талаш-тартыштын так себеби эмнеде экени белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ХАМАС радикал уюму израил түрмөлөрүндөгү алты аялды бошотууну талап кылууда. Ал эми 27-ноябрда бошотула тургандардын тизмесинде алардын аты-жөнү жок болуп чыккан.
Дүйшөмбүдө ХАМАС куралдуу тобу барымтадагы 11 израилдикти бошотууга тийиш. Алардын тизмеси 26-ноябрдын кечинде Израил бийлигинин колуна тийген. Жекшембиде жоочулар туткундагы 14 адамды, анын ичинен тогуз баланы Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берген.
Эки тараптын ортосунда түзүлгөн макулдашуу күчүнө кирген соңку үч күндүн ичинде хамасчылардын барымтасынан 39 израилдик, ал эми израил түрмөлөрүнөн 117 палестин бошотулду.
Андан тышкары ХАМАС радикал уюму барымтадагы чет элдиктерди дагы бошотууда. Ал мамлекеттердин бийликтери менен өз ара түзүлгөн макулдашуунун алкагында ишке ашып жатат.
Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө ок атышуу токтотулат, ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилде барымтага алган 240тан ашуун туткундан 50нү бошотот. Алардын катарына туткундагы чет өлкөлүктөр кирбейт. Аларды ХАМАС экстремисттик уюму мамлекет лидерлери менен өз ара макулдашуунун жыйынтыгында коё берүүдө.
Ал эми Израил өз кезегинде түрмөдөн 150дөй палестинди, негизинен аялдарды жана балдарды эркиндикке чыгарат. Андан тышкары Газа тилкесине күнүнө 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт машине күйүүчү май киргизүүгө уруксат берилет.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын ырбап кетишине ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине чыгарып кеткен.
Жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 15 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Газа: ХАМАСтын туткунунан, Израилдин түрмөсүнөн ондогон киши бошотулду
Ок атпоо режимин узартуу
Израил менен ХАМАС (АКШ менен Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо режимин дагы эки күнгө узартууну макулдашты. Бул тууралуу сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Катардын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мажид ал-Ансари Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнү аркылуу жарыялады.
Израил ХАМАСтын согушкерлери күнүгө 10 кишиден бошотуп турса макулдашууну улам бир күнгө узартууга даяр экенин билдирген.
Израил өкмөтүнүн өкүлү Эйлон Леви буга чейин эгерде ХАМАС куралдуу тобу калган барымтадагыларды бошотууга макул болбосо ЦАХАЛ макулдашуунун мөөнөтү аяктар замат операциясын толук жандантарын билдирген.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш палестин анклавында гуманитардык тыныгууну узартып, ок атууну толук токтотууга үндөдү.
«Газанын, Израилдин жана жалпы эле аймактын элинин кызыкчылыгы үчүн ок атууну толук токтотууга жетишүү керек", – деп айтылат баш катчынын атынан тараган билдирүүдө.
БУУ соңку төрт күндө толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.7 млн тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" дүйнөлүк уюм жарыялады.
Гутерриш барымтадагыларды тезинен бошотууга, бардык өлкөлөрдү «чөлкөмдүн туруктуу келечеги - эки мамлекет тууралуу чечимди" колдоого да чакырды.
Дүйшөмбүдө Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен Араб мамлекеттеринин өкүлдөрү Барселонада жолугуп, согушту токтотууну талкуулашты.
Еврошаркеттин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеф Боррелл от атпоо режимин улантууга чакырды. "Ок атууну токтотуу режими туруктуу жана көпкө созулушу үчүн аны дагы узартуу керек. Ошол маалда саясий чечимдерди үстүнөн иштөө абзел. Саясий чечим - зордук-зомбулуктун туңгуюк айлампасын түбөлүк жок кылуусу шарт".
Мурдарак Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху ок атууну токтотуу келишимин узартууга макул экенин, бирок жөөт армиясы ХАМАСты толук тыптыйпыл кылууну көздөгөн максатынан кайтпай турганын кайталаган. Ошол эле учурда мындай режим узартылса куралдуу топтор орун которуштуруп, көз жазгырып кетет деген тынчсыздануу да айтылган.
Газа тилкесинде ХАМАСтын согушкерлеринин барымтасында 50 күн отургандан кийин жакындарын көргөн туткундардын сезимин сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес.
52 жаштагы Шарон Авигдори 12деги кызы Ноам менен 7-октябрдагы кандуу каргашада Израилдин Беэри конушунда барымтага алынган. Аларды жакындары Рамат-Гандагы Шиба медициналык борборунда жекшембиде чыдамсыздык менен күтүп турду.
Эне-бала 25-декабрда ок атпоо режиминин экинчи күнү 13 израилдик жана төрт чет элдик туткун менен кошо бошотулду. Шарондун келини Шошан Харанды, анын кызы Ади Шохамды эки баласы менен Беэридеги үйүндө отурган жеринен согушкерлер кармап кеткен. Бул эки аялдын биринин күйөөсү кол салууда набыт болсо, экинчисиники барымтада отурат.
Ушул тапта Газа тилкесинде согушкерлердин колунда 180 киши, анын ичинде ондогон бала калды. Алардын жакындары кандай болсо дагы туткундагыларды бошотууну талап кылууда.
Израилдин түрмөсүнөн чыккан палестиндер
АКШнын, Катардын жана Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, Израил түрмөлөрүнөн палестиндерди коё берип жатат. 30дан ашуун киши, негизинен аялдар менен балдар Рамаллага жекшембиде кайтып барды.
Алардын бири Мажд Фрейхаттын кубанычы көпкө созулган жок. Бир жарым жыл түрмөдө отуруп бошонгон палестин жигитке үйүнө келгенде аталаш агасы Жениндеги ЦАХАЛдын операциясында өлгөнүн угузушту.
"Кубанарымды же кайгырарымды билбей калдым. Биз түрмөдө отурганда Батыш Жээкте жана Газа тилкесинде эмне болуп жатканынан кабарыбыз жок эле. Урандынын алдында, кыйраган мечиттерде калган мусапырлардын, жашында жайран болгондордун жаткан жери жайлуу болсун», - деди жакынын жоктогон жигит.
Жекшембиде Израил 39 палестинди: алты аял жана 33 өспүрүмдү эки түрмөдөн чыгарганын медиа агенттиктер кабарлады.
Өткөн аптада Израил менен ХАМАС радикал уюмунунун ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, 24-ноябрдан тарта төрт күнгө согуш токтогон. Бул маалда толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам кирип, ХАМАС радикал уюму барымтадагы 240тан ашуун туткундан 50нү, ал эми Израил түрмөдөн 150 палестинди чыгаруу милдетин алган.