Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Мамлекеттик органдар "чет элдик өкүл" мыйзамы боюнча позициясын билдиришти


Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. 2023-жылдын 10 июну. Бишкек.
Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. 2023-жылдын 10 июну. Бишкек.

Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген “чет элдик өкүл” мыйзам долбоору аркылуу Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн 17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Жогору соттун мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун концепциясына негизинен каршы эмес, бирок Кылмыш-жаза кодексин толуктоо тууралуу норманы алып салууну сунуштайт:

“Анткени сунушталып жаткан беренеде юридикалык аныктык принциби сакталбагандыгы байкалат. Мындай жагдай укуктук ар кандай чечмелөөгө, аны өзүм билемдик менен кыянат колдонууга, жазык мыйзамдарынын жалпы жана конституциялык принциптеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн”.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын бергенин, жалпы жолунан концепциясын колдой турганын, бирок айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу керек экенин белгиледи.

Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүүнүн зарылчылыгы жок деген позицияны Башкы прокуратура да карманары белгилүү болду. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева:

“Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан “жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салуучу коммерциялык эмес уюмду түзүү” деген жаңы берене боюнча өзүбүздүн позициябызды билдиргенбиз. Анткени ушул эле кодексте 245-беренеде (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) жана башка беренелерде мамлекеттик, конституциялык түзүлүштү, коопсуздукту, адамдын саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин бузган учурларга карата кылмыш курамдары каралганын маалымдайбыз. Мындай жагдайда Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейбиз”, - деп айтты.

Өлкөнүн акыйкатчысы бейөкмөт уюмдардын саясий ишмердүүлүккө аралашып жатканын кантип аныктоо маселеси бар деп эсептей турганын, аларды көзөмөлдөө боюнча мыйзамдар жетиштүү экенин орун басары Айчүрөк Назаралиева билдирди.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов бейөкмөт уюмдар мекеменин сайты аркылуу каржылык отчетун берип турарын айтты.

Парламенттик угууга депутаттардан тышкары тийиштүү мекеме-уюмдардан жүздөн ашуу киши катышууда.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Надира Нарматова «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан. Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдошкон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган жана “Бул уюмдар мамлекет жана рынок институттары тийиштүү деңгээлде аткара албай жаткан функцияларды аткарып, коомдогу социалдык чыңалууну басып турушат” деп белгиленген.

Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG