Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

АКШ президенти иш сапар менен Израилге барат


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден 18-октябрда иш сапар менен Израилге барат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тель-Авивде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана израилдик аскерлер менен дээрлик сегиз саатка созулган сүйлөшүүлөрдүн соңунда билдирди.

«Президент АКШнын Израил менен тилектештигин жана анын коопсуздугуна карата бекем ниетин тастыктайт. Президент Байден ХАМАС 1400дөн ашуун адамды, анын арасында 30дай америкалыкты өлтүргөндөн кийин дароо билдиргендей, ал Израил өз элин ХАМАСтан жана башка террорчулардан коргоого, мындай кол салууларды алдын алууга укуктуу жана милдеттүү деп эсептейт», – деди Блинкен журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

7-октябрда ХАМАС тобу Израилге чек арадан өтүп барып кол салганда өлгөн израилдиктер 1300дөн ашты. Буга жооп катары израилдик аскерлер Газа секторуна чабуул баштаган, ал жакта каза болгондор 2800дөн ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG