Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында үй курууга жер тилкесин ижарага алган тарап шарттарды аткарбаганын аныктаган. Буга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бирок кылмыш иши кайсы кодекстин кандай беренеси менен козголгону тууралуу маалымат жок.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2005-жылы Бишкек шаардык мэриясы И.М.С. ишканасына жана А.Э. Т. аттуу жаранга убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкесин бергени аныкталды.
Коопсуздук кызматы жүргүзүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 505 миллион сом, жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак эмес жайлар, андан тышкары 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылганын маалымдоодо.
"Жер тилкесин берүү шартына ылайык, аталган компания берилген аймакты көп кабаттуу үйлөр менен өздөштүрүшү керек болчу. Негизги шарттардын бири - курулган батирлердин 10% муниципалдык менчикке берүү болгон. Мэрияга алынган батирлер социалдык маселелерди чечүүгө жана өзгөчө муктаж адамдарды турак-жай менен камсыз кылууга жумшалышы керек болчу. Бирок бул шарттар аткарылган эмес", - деп жазылган маалыматта.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. (ZKo)