Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Кайрылманга берилүүчү жер боюнча мыйзамды өзгөртүү сунушталууда


Кыргызстанда кайрылмандар боюнча мыйзамды толуктоо сунуш кылынууда. Бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Анда жер маселесин камтыган норма да бар.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Нурланбек Азыгалиевдин айтымында, азыркы колдонуудагы мыйзам жалпы мааниде жазылып калган, анда жердин категориясы көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан тактоо киргизилип жатат:

“Бул өзгөртүүлөргө ылайык, турак үй куруу жана көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер тилкеси кайрылмандарга “калктуу конуш жери” деген категориядан акысыз, мөөнөттүү пайдаланууга берилет жана кайрылман кыргыз жарандыгын алганда колдонуусундагы жер мыйзамда аныкталган тартипте анын менчигине өтөт”.

Азыркы мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайрылманга “кыргыз жарандыгын алганда үй курууга жана чарба жүргүзүүгө менчикке өткөрүп берүү менен жер участогун мөөнөттүү пайдаланууга акысыз берет” деп жазылып турат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери «кайрылман» деген макам 437 этникалык кыргызга берилди. Алардын 414ү Тажикстандан, 15и Өзбекстандан, төртөө Орусиядан келгендер жана Түркмөнстан, Кытай, Украина, Ооганстан өлкөлөрүнөн бирден адам көчүп келген.

Азыркы тапта Өзбекстанда 300 миңдей, Кытайда 200 миңге жакын, Түркияда 5 миң чамалуу, Ооганстанда 2 миңдей, Пакистанда 500гө жакын этникалык кыргыз жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG