Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин саммити башталды


КМШга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин Бишкектеги саммити. 13-октябрь, 2023-жыл.
КМШга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин Бишкектеги саммити. 13-октябрь, 2023-жыл.

13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) саммити башталды. Жыйынды Улуттук телерадио корпорациясы түз алып берүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлерин тосуп алып, жалпы сүрөткө түшүү расмиси өттү. Президенттер алгач чакан курамдагы сүйлөшүүнү жабык режимде өткөрүп жатышат. Мындан соң соң жыйын кеңейтилген форматта уланат.

Саммитке Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун башында турган Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышып жатат.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жатат. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

Президенттердин саммитин утурлай, 12-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын министрлери жана Армениянын тышкы иштер министринин орун басары катышты. Жыйын соңунда жалпысынан 17 документке кол коюлду.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG