Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:20

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен чек араны тактоо жөнүндө сүйлөштү


Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров. Бишкек, Кыргызстан. 13-октябрь, 2023-жыл.
Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров. Бишкек, Кыргызстан. 13-октябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жарыяланды.

Эки лидер кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Октябрдын башында топографиялык жумушчу топтор чек ара тилкесинин дагы 43,32 чакырымын макулдашкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат.

Президент Садыр Жапаров мунун алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен да жеке жолугушту.

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун башында турган Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышат.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG