Орусиянын армиясы соңку 24 саатта Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусуна 100 жолу абадан чабуул койду. Жыйынтыгында эки карапайым тургун мүрт кетип, жарандык жана өндүрүш инфратүзүмдөрү жабыркаганынын 13-октябрда облус губернатору Александр Прокудин билдирди.
Ал "Фейсбукка" жазгандай, орус армиясы чабуулда артиллерияны, минометторду, "Град" ракеталарын, учкучсуз аппараттарды колдонгон.
Прокудин Херсон шаары гана 49 жолу бутага алынганын кошумчалады. Жаракат алгандардын арасында бала да бар экени маалым болду.
Херсон облусунун орус армиясынан бошотулган бөлүгү, анын ичинде Херсон шаары бир нече айдан бери Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан орус күчтөрүнүн тынымсыз аткылоосуна дуушар болуп келет.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.