Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун жактоочулары бүгүн 13-октябрда билдирүү таратып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ага койгон айыптоосуна байланыштуу маалымат беришти. Анда Салимов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобун каржылап, анын кызматынан пайдаланып жүргөнү тууралуу билдирүүлөрү чындыкка дал келбей турганы белгиленди:
“Сотто УКМКнын тергөөсү Салимовдун кылмыштуу топ менен байланышы бар экенине далил келтире алган жок, бирок, ошого карабастан, судья аны камоо тууралуу чечим чыгарды. Салимовду кармоо Кылмыш-процессуалдык кодексин одоно бузуу менен жүргүзүлдү, судья ага көңүл бурбай койду. Мисалы, Салимовду кармоо учурунда ал кылмыш жасап жаткан эмес болчу, аны кылмышкер деп көрсөткөн күбөлөр да, жабыркагандар да жок. Ал мыйзамсыз жана негизсиз кармалды. Айып аңыз кептин негизинде, фото же видео далилсиз, далил документтерсиз коюлду”, - деп айтылды маалыматта.
Салимов Көлбаевдин ишине байланыштуу кармалган 20 адамдын бири экенин УКМК 10-октябрда билдирген.
Мекеменин маалыматына караганда, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Салимов узак убакыттан бери криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болгон жана алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн.
9-октябрда Салимовго “Уюшкан топко катышуу” деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу жеке ооруканалардын биринде жатканын жактоочулары кабарлашты.
67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) депутаты болгон.
Бишкектеги “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.
Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.
УКМК Салимовдун жактоочуларынын соңку билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. (RK)