Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Жапаров менен Путиндин жолугушуусу өтүп жатат


Садыр Жапаров жана Владимир Путин.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин.

12-октябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү өтүп жатат.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланып, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары, ошондой эле Путин Канттагы орусиялык авиабазага да барары маалымдалган.

13-октябрда орус президенти Бишкекте өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) президенттеринин жыйынына катышат.

Бул күндөрү кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир топ иш-чаралар уюштурулуп жатат.

11-октябрда кыргыз парламенти Орусиянын абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу үчүн Канттан 5 гектар жер бөлүп берүү тууралуу мыйзамды дароо үч окууда карап, бир добуштан колдоп берди.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, 2018-2022-жылдар аралыгында ортодогу соода-сатык көлөмү 1,8 эсе өсүп, Кыргызстандан экспорт 3 эсе, ал эми импорт 19,3% көбөйдү. Былтыр соода жүгүртүү көрсөткүчү рекорддук чекке жетип, 3,4 млрд долларды түздү.

Путиндин сапары Орусия болуп көрбөгөндөй санкцияларга кабылып, Батыш менен мамилеси курчуп турган учурга туш келди.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан бери ал Кыргызстанга экинчи жолу келип отурат. Былтыр декабрда Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына катышкан.

Бул жолу Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер бергенден соң келди. Гаагадагы соттун мындай чечимине Москванын украиналык балдарды өлкөсүнөн мыйзамсыз чыгарып кеткени себеп болгон. Бирок Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна кошулган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG