Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:49

Акча алмаштыруучу жайларда доллар 89 сомдон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда 12-октябрда доллардын курсу дагы жогорулап, 89 сомдон ашты. Саат 12ге карата сатуу курсу орточо 89,22 сомду, сатып алуу 89,01ди түзүүдө.

Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 88,9 сом болууда.

Эки ай мурда акча алмаштыруучу жайлар долларды 87,92 сомдон, ал эми бир ай мурда 88,20 сомдон сатып жатышкан.

Кыргызстанда 2020-жылдын мартына чейин бир нече жыл 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан кийин кескин кымбаттап, 105-106 сомго жеткен, кийин бара-бара арзандай баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG