Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Акылбек Жапаров жубайы 1 млрд 2 млн сом салык төлөгөнүн билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда мындан ары криминал деген түшүнүк болбой турганын, өлкө өсүп-өнүгөрүн билдирди.

"Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркиндиги мындан да өркүндөйт. Криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен "карамын" дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз", - деп Жапаров Фейсбукта үч тилде: кыргызча, орусча жана англисче жазган.

Ал "Өмүр бою мамлекеттик жумуштарда иштеген сиз кантип байып алдыңыз?" деген суроо берген социалдык тармактын колдонуучусуна Акылбек Жапаров "жубайым 1 млрд 200 млн сом салык төлөгөн" деп жооп кайтарган.

Ал салыкты жубайы канча жылда, кайсы бизнеси жана кандай кирешеси үчүн төлөгөнүн тактаган эмес.

Акылбек Жапаров 2021-жылдан бери Министрлер кабинетин жетектейт. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарында депутат болуп шайланган. Экономика жана финансы жаатында министр, вице-министр кызматтарында иштеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG