Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:39

Чет жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусу азайды


Кыргызстандын валютасы – сом жана АКШнын валютасы – доллар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын валютасы – сом жана АКШнын валютасы – доллар. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-августунда чет жакта иштеген кыргызстандыктар мекенине 1 млрд 263 млн АКШ долларын которду. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которууларга байланыштуу баяндамасында жазылган.

Бул мурдагы жылдардын тиешелүү айларына караганда аз. Сегиз айлык эсептерди алсак, жеке жарандар 2020-жылы 1 млрд 465 млн долларды, 2021-жылы 1 млрд 736 млн долларды жана 2022-жылы 1 млрд 919 млн долларды Кыргызстанга жөнөтүшкөн.

Быйылкы жылдын сегиз айындагы 1 млрд 263 млн доллардын 1 млрд 145 млн доллары Орусиядан келген. Калган каражаттар АКШ, Түркия, Казакстан, Германия, Улуу Британия жана башка мамлекеттерден жөнөтүлгөн. Тогуз айлык көрсөткүчтөр жарыялана элек.

Мунун алдында Tazabek басылмасы Улуттук банктын 10-15 жылдык маалыматтарын талдап чыгып, Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар 2010-жылкы минимумга чейин түшүп кеткенин кабарлаган. Ал жакта иштеген кыргыз мигранттары 2010-жылы июль-августтарда 110-112 млн доллар которсо, 2023-жылы июль-августтарда 132-142 млн доллар жөнөтүшкөн.

2023-жылдын сегиз айында тескерисинче Кыргызстандан чет өлкөлөргө жеке адамдар 324,9 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат которгон. 2022-жылы бул убакытта сыртка акча жөнөтүү 608,9 млн долларды түзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG