Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:39

Өрт кырсыгынан эки жылда элүүдөй өмүр кыйылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 2,5 миңдей өрт кырсыгы катталып, 24 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 11-октябрда Жогорку Кеңеште “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатканда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү, алдын алуу башкармалыгынын башчысы Акылбек Расулов билдирди:

“Акыркы эки жылда өрттүн кесепетинен 49 адам каза болду, анын 24ү быйылкы жылдын тогуз айында. Быйыл тогуз айда 2579 өрт кырсыгы катталды, анын чыгымы 9 миллиард сомго чукул сумманы түздү. Өлүмдүн негизги себеби – азыркы учурда курулушта жарандар арзанына карап синтетикалык материалдарды колдонуп жатышкандыктан, өрттөнгөндө ис уруп, думугуп каза болуп жатышат”.

Талкуу учурунда депутаттар өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерге тез арада жете албай калып жатканын, шаарлардагы көп кабат үйлөрдө өрт коопсуздугу чаралары сакталбаганын, көзөмөл жетиштүү эместигин айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG