Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Жалал-Абадда кыргыз-орус "Достук" паркынын курулушуна капсула салынды


Кыргызстан-Орусия аймактар ынтымагынын "Достук" паркына капсула салуу учуру. Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жана Орусиянын премьер министринин орун басары Алексей Оверчук. Жалал-Абад. 11-октябрь, 2023-жыл.
Кыргызстан-Орусия аймактар ынтымагынын "Достук" паркына капсула салуу учуру. Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жана Орусиянын премьер министринин орун басары Алексей Оверчук. Жалал-Абад. 11-октябрь, 2023-жыл.

Бүгүн, 11-октябрда Жалал-Абад шаарында өткөн Кыргызстан менен Орусиянын аймактар аралык жыйынынын алкагында калаада парк курула турганы маалым болду. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен орус өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук курулушка капсула салып, алгачкы балаты отургузулду.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиковдун берген маалыматына караганда, бул паркка түрдүү иш-чаралар үчүн аянтча, павильондор, веложолдор, балдар аянтчалары, шахмат жана башка спорт аянтчалары курулат. Парктын аянты болжолдуу 7 гектар болот. Новиковдун сөзү боюнча, аны курууга жалпы 2 млн доллар инвестиция салынды, курулуш иштери кийинки жылы бүтөрү күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жыйында берген маалыматына ылайык, эки тараптын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу тармактарында 40тан ашуун келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн облустары менен шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча 10дон ашуун келишимдер бар.

Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан-Орусия аймактар аралык жыйыны орус президенти Владимир Путиндин расмий сапарын утурлай уюштурулду.

Путин Кыргызстанга 12-октябрда расмий сапар менен келет. Сапар учурунда ал Канттагы Орусиянын авиабазасына жана Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барат.

13-октябрь күнү Бишкекте өтүүчү КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынат. Путиндин сапары алкагында эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү талкууланарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

КМШ уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG