Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

Нанды кымбат саткандар айыпка жыгылат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда нандын баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөл киргизилгенин, бул чечим "Баа түзүү жөнүндө" мыйзамга ылайык кабыл алынганын кабарлады.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында 1-сорттогу буудай унунан жасалган (бөлкө жана тандыр нандын) дан азыктарынын дүң жана чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев буйрукту бузуп, нанды көрсөтүлгөн баадан кымбат саткандар Укук бузуулар кодексине ылайык эскертүү аларын, эгер бузуу кайталанса, айып пулга жыгыларын билдирди.

"Мисалы, Ысык-Көл облусу боюнча тандыр нандын 1 кг 100 сом деп белгиледик. Бул деген бир нандын көлөмү 270 грамм болсо, анда биз белгилеген баага ылайык анын чекене баасы 27 сомдон ашпашы керек. Жеке тараптар бааны бузуп жатса, анда аларга 3 миң сом айып салынат. Юридикалык тараптар 5 миң сомго айыпка жыгылат. Эгер эскертме бергенибизди аткарбай, кайрадан бузуу катталса, 13 миң сом айып салынат", - деди ал.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар нандын кымбатташы тууралуу маселе көтөрүп, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырган.

Анда Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү жагдайды коңшу мамлекеттен келген ундун көлөмү азайып жана кымбаттаганы менен түшүндүргөн.

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болуп, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон. (ZHE)

XS
SM
MD
LG