Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Израилдин премьер-министри улуттук биримдик өкмөтүн түзүүнү сунуштады


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху ХАМАС радикал тобу менен куралдуу кагылышуунун үчүнчү күнүндө элге кайрылуу жасады. Ал Израилдин авиациясы "жаңы эле" Газа тилкесине катуу сокку ура баштаганын билдирди.

"Алар согушту каалашкан, ошондой болот", - деди Нетаняху.

Премьер-министр оппозициялык партияларды саясий кагылышуулардан баш тартууга жана 1967-жылы болгон алты күндүк согуш маалындагы сыяктуу улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө чакырды.

Нетаняху АКШ президенти Жо Байден менен дайыма байланышта экенин, Байден Израилди “сөз жана иш менен” колдоого убада кылганын айтты.

10-октябрга караган түнү ХАМАСтын чабуулдарынан каза болгон израилдиктердин жана чет элдиктердин саны 900гө жетти. 2400гө жакын адам жараат алган.

Газада 687 адам өлүп, кеминде 3700 адам жарадар болгону кабарланууда.

7-октябрда эртең менен АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасаган. Буга жооп катары Израил армиясы Газага сокку уруп, аймакты курчоого алды.

XS
SM
MD
LG