Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

Жыл башынан бери 400дөн ашуун этностук кыргыз кайрылман макамын алды


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-сентябрь айларында 437 этностук кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйынында билдирди.

Алыбаева булардын ичинен тогуз кишиге жөлөк пул жана сегиз кишиге пенсия чегерилгенин, 11 кишиге жергиликтүү бийликтер жер тилкесин бергенин тактады.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу мекенине келген жарандардын саналуу бөлүгүнө гана каржылык жардам жана жер берилип жатканын сынга алып, “бул этностук кыргыздардын кайтып келишине өбөлгө болбойт” деп айтты.

Кеп болуп жаткан маселе аталган комитетте “Кыргызстанга көчүп келе турган этностук кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду талкуулоо учурунда айтылды. Депутат Нурлан Азыгалиев сунуштаган мыйзам долбоору комитеттин жыйынында биринчи окууда кабыл алынды.

2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этностук кыргыз кайрылман макамын алган. Жалпы 4549 киши бул макамдын негизинде Кыргызстандын паспортуна ээ болгон.

Мурдараак башка өлкөлөрдөн көчүп келген кыргыздардын 10 миңдейи документи жок жүргөнүн депутат Жанарбек Акаев айтып чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG