Варшавада ЕККУнун адам укугуна арналган конференцияда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, адам укугуна байланыштуу сөз болду.
Уюмдун бул жолку жыйыны "Азаттык", "Клооп" баштаган бир нече көз карандысыз медиаларга басым күчөп, өлкө парламенти Орусиянын жолоюна түшүп, бейөкмөт уюмдарды “чет элдик өкүл” катары таануу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууга киришкен учурга туш келди.
Кысымга кабылган кыргыз медиалары
Ушу тапта Варшавада өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Адамдын өнүгүүсүнө арналган он күндүк конференциясында аймактагы адам укугу жана сөз эркиндиги тууралуу баяндамалар окулуп, талкуу жүрүүдө.
Жыйын башталган күнү катышкан депутат Дастан Бекешев Кыргызстандагы сөз эркиндиги, талаштуу демилгелер тууралуу маселе көтөргөнүн айтты:
"Эмне себептен бизде демократия болбой жатат, анан демократия жок болсо, кандай көйгөйлөр жаралат деген маселени койдум. Бул активисттер үчүн өзүнүн мамлекетинде кандай көйгөйлөр бар экенин, адам укугу кантип бузулуп жатканын талкуулаганга жакшы аянтча экен".
Журналисттик иликтөөлөр фондунун аткаруучу директору Гладис Темирчиева аталган конференцияда сөз сүйлөп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылганы, көз карандысыз маалымат каражаттарына басым болуп, "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун ишке киргизүү боюнча активдүү иш жүрүп жатканына токтолду.
"Эркин медиалардын жардамы менен өлкөдө эл аралык келишимдер канчалык деңгээлде аткарылып жатканын билүүгө болот. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна, эл аралык уюмдарга Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана эркин медига болгон кысым тууралуу маселени күн тартибине чыгарууну сунуштайм. Мындан сырткары ЕККУга мүчө мамлекеттердин элчилерин эркин медиаларга байланыштуу сот процесстерине жана парламенттик угууларга катышууга чакырам".
Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Коомчулуктун сынынан кийин мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билдиришинче, учурда мыйзам долбоору боюнча элден сунуш-пикирлер түшүүдө. 16-октябрда мыйзам долбоорун даярдоо үчүн түзүлгөн жумушчу топ түшкөн сунуштарды карап чыгат.
Варшавадагы жыйынга катышкан "Медиа полиси институтунун" юристи Алтынай Исаева бул мыйзам долбоору тууралуу айтып, "бийлик эркин медианын иштөө мейкиндигин кысып, ЖМКга басым кылуунун жаңы рычагдарын таап жатат" деп белгиледи.
"Буга байланыштуу биз эл аралык коомчулукту Кыргызстандын ЖМК жана медиа уюмдарына юридикалык жардам көрсөтүп, журналисттик иликтөө жана коомчулукка маанилүү суроолорду чагылдырган долбоорлорду, сөз эркиндигин сактоого чакырган демилгелерди колдоого чакырабыз. Кыргызстандын өкмөтүнүн жана парламентинин өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө аларга адам укугун жана эркиндигин сактаган эл аралык келишимдерди эске салуу керек. Кыргызстандан эл аралык милдеттемелерди, конвенция жана адам укугу боюнча макулдашууларды так сактоону талап кылган келишимдерди кайра карап чыгуу шарт", - деди Исаева.
Алтынай Исаева кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтканы менен эркин медиалардын ишине ар кандай тоскоолдуктарды жаратып жатканын белгилеп, "Клооп Медианын" сайтынын бөгөттөлүшүн, "Кактус Медиа" сайтын "Вечерний Бишкек" басылмасы сотко берген учурду мисал келтирген.
Варшавада өтүп жаткан жыйынга негизинен жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Бир катар укук коргоочулар ага Кыргызстандын атынан расмий өкүлдөр келбегенин сынга алышты. Кыргыз өкмөтү буга азырынча жооп бере элек.
Буга чейин 13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алган.
Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.
Мындан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Европа парламентинин күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган жана өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта чагылдырган резолюциясына карата өкүнүчүн" билдирген.
Август айында президент Садыр Жапаров бул резолюцияга жооп берип, адам укуктарын сактоо жана сөз эркиндиги Кыргызстандын негизги артыкчылыгы экенин белгилеген.
“Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуусу жана Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда. Ошондуктан бул резолюцияны даярдоодо Кыргызстан тараптан тактоочу же кошумча маалымат суралбаганы өкүндүрөт”, - деген Жапаров.
"Клооп Медианын" сотуна Юстиция министрлиги чакыртылды
Варшавада Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы талкууланып жатканда Октябрь райондук соту Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызын карады.
6-октябрдагы соттук угуу ачык өткөнү менен видеого тартууга уруксат берилген жок. Бул күнү "Клооп Медианын" өкүлдөрү Юстиция министрлигин соттук процесске үчүнчү тарап катары катыштырууну өтүнүп, ал канааттандырылды.
Басылманын адвокаты Нурбек Сыдыковдун айтымында, мындай жол менен порталды жабуу аракетинин мыйзамсыз экенин далилдөөгө аракет көрүлүүдө.
"Клооп Медианын" өкүлдөрү Юстиция министрлигин үчүнчү тарап кылып чакырып берүүнү өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырды. Себеби, доо арызда юстиция министринин орун басарынын катына басым жасалууда. Ал жерде "уставга каршы келген ишмердик болсо, мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес болсо дагы жапканга мүмкүнчүлүк бар" деп көрсөтүлгөн. Мындан улам бизде көп суроолор пайда болгон. Ошол себептен Юстиция министрлигинин өкүлдөрү кийинки соттук процесске чакыртылды, үчүнчү тарап болуп ишке киришет".
Сыдыков айтып жаткан "Клооп Медианы" жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызында “Клооп Медиа” коомдук фонду бейөкмөт уюм катары түзүлүп, бирок жалпыга маалымдоо каражаты катары лицензия албаганы белгиленген.
“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам жана Жарандык кодекстин талаптарына ылайык, анын маалымат таркатуу милдетин аткаруусу мыйзамсыз деп эсептеген.
“Клооп Медианын” адвокаттары мыйзам боюнча интернет маалымат каражаттары Юстиция министрлигинин лицензиясы жок эле иштей аларын айтып келет.
Кийинки соттук отурум 23-октябрда уланмай болду. Буга чейинки соттук угуу доогер тарап тийиштүү документтердин көчүрмөсүн бербегенине байланыштуу жылдырылган.
Өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарынын бири болгон "Клооп" өз чындыгын сотто далилдөөгө аракет кылып жатканы менен, порталдын сайты бөгөттөлгөн бойдон турат. Буга Маданият, маалымат министрлигинин талаштуу "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамына таянып кабыл алган чечими себеп болгон.
Министрлик оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылыкты "жалган" деп эсептеп, өчүрүүнү талап кылган. Бул талапты аткарбаган "Клооптун" сайты Кыргызстандагы бир нече интернет провайдерлеринде бөгөттөлгөн.
Талаштуу мыйзам эл аралык коомчулуктун көз кырында
Варшавадагы жыйында АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Майкл Козак бүткүл Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы оор бойдон калып жатканына токтолду.
Ал Америка Сенаты чөлкөмдөгү коопсуздук күчтөрүнөн мыйзамды сактоону, адам укуктарын жана жарандардын негизги эркиндиктерин коргоону талап кыларын белгиледи.
Сентябрь айында Казакстандын бийлиги расмий түрдө “чет өлкөлөрдөн, эл аралык жана башка өлкөлөрдүн уюмдарынан, чет элдиктерден жана жарандыгы жок адамдардан каражат жана мүлк алган тараптардын реестринин” тизмесин жарыялаган. Ага ар кайсы тармактарда (анын ичинен ЖМКларда) иштеген жарандар, укук коргоочу топтор, коомдук фонддор, эл аралык уюмдар болуп 240 уюм кирген.
Ага улай эле 3-октябрда Кыргызстанда "Чет өлкөлүк өкүл" боюнча мыйзам долбоору парлемент комитетинен өттү. Долбоорду иштеп чыккан депутат Надира Нарматова мыйзамдын максаты - өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердигин ачыкка чыгаруу экенин айтууда. Комитеттен өткөнгө чейин долбоорду анализдеп чыккан "Адилет" укуктук клиникасы мыйзамдын 90% ашыгы Орусиядан көчүрүлгөнүн аныктаган.
Орусияда бул мыйзамдын арты менен бийликке сын айткан бир катар коомдук жана саясий ишмерлер, журналисттер "кара тизмеге" кирген.