Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:34

Коом алдындагы жоопкерчилик: сынга кабылган блогерлер


Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышында тартылган сүрөт. Райымбек Матраимов ортодо отурат. 27-август, 2023-жыл
Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышында тартылган сүрөт. Райымбек Матраимов ортодо отурат. 27-август, 2023-жыл

Бажыда коррупциялык схема түзгөн деген айып менен соттолуп, акча төлөп абактан чыккан Райымбек Матраимовдун муфтиятка имарат салып берип, ага белгилүү блогерлер, ырчылар жана спортчулар да чакырылганы, алардын чогуу түшкөн сүрөттөрү түрдүү талкууга жем таштады.

Сындагандар Матраимовдун бажыда коррупциялык схема түзгөнүн, саясаттагы таасирин жана шоу-бизнес өкүлдөрүнүн моралдык жоопкерчилигин жазып жатышат.

27-августта муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына бир тууган Матраимовдор сыйлуу конок катары чакырылып, депутат Искендер Матраимов сөз сүйлөсө, Райымбек Матраимов куттуктоосун Фейсбукка жарыялады:

"Буюрса, мындан ары да кайрымдуулук иштерине колдон келген жардамымды аябаймын. Алдыда көп жакшы максат-пландарыбыз бар. Бир эле мусулмандар дин башкармалыгынын башкы имараты эмес, келечекте элге пайдасы тийген жаркыраган имараттардын курулушуна дагы салым кошобуз деген ниеттемин”, деп жазылган анда.

Бирок Райымбек Матраимов курулушка канча каражат кеткенин жана каржы булагын ачыктаган эмес.

Диний мекеменин ачылышына парламент депутаттары, диний ишмерлер, айрым спортчулар жана ырчы-блогерлерден бери чакырылып, алардын айрымдары социалдык тармактардан Райымбек Матраимовду "меценат" катары сыпаттап, ыраазычылык билдирип чыгышты.

Аларды алгачкылардан болуп кесиптештеринин ичинен алып баруучу, юморист Мыктыбек Мукаев сындап чыккан.

Мыктыбек Мукаев.
Мыктыбек Мукаев.

“Ал жакка баргандардын баарын эле күнөөлөбөйм. Кээ бири муфтияттын чакыруусу менен барып, сүрөткө чогуу түшүп калышы да мүмкүн. Бирок ошол жакка барып, имаратты салып бергендерге рахматын айтып, социалдык тармактарга сүрөт-видео жүктөгөндөрдү сындашыбыз керек. Алардын арасында дос-тааныштар да бар болчу. Жеке пикиримди билдиргенден кийин “кокусунан барып калгам” деп чалгандары да болду. Мен мынчалык талкуу болуп кетерин деле ойлогон эмесмин. Болгону жаным кейип жазгам. Негизи эле жакшы менен жаманды ажыратып, жоопкерчиликти сезип, бир позицияда жүрүшүбүз керек деген ойдомун. Акча табылат. Азыр интернет колдонуучулардын көбү менин пикиримди колдоп жатышат”.

"Умрага жолдомо берди"

Актёр, блогер Эмил Токтошев муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына барган чыгармачыл адамдардын бири. Ал саамалыкка муфтият же демөөрчүлөр тараптан эмес, досунун чакыруусу менен барганын айтты:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

“Мекемени ким болсо да салып, ачып берди. Менмин дегендин баары эле салып бере албайт да. Менин көз карашым түз эле. Керек болсо, мен ал жерде өзүм тартып, социалдык тармактарга киргиздим. Катталуучуларым деле мага окшоп жакшы кабыл алышты. Чынын айтканда, биз эл кызматындабыз. Кимиси чакырса да, жакшылыкта кызмат кылып коёбуз”.

Социалдык тармактарда диний башкармалыктын имаратынын ачылышына барган блогерлерге умрага жолдомо тартууланганы айтылган. Токтошев да бул кептерди ырастады:

“Ооба, мага да умрага (кичи ажылык) жолдомо берди. Бирок аны ошол жерге баргандан кийин билдим. Мени досум чакырды дебедимби. Анан имараттын ачылып жатканына сүйүнүп, видеого тартып коёюн деп баргам. Анан умрага жолдомо алганым күтүүсүз белек болду”.

Айрым интернет колдонуучулар диний мекемелер күмөндүү демөөрчүлөрдүн жардамын албашы керек деген пикирде.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы “биз кайрылгандардын арасынан аталган фонд имарат куруп берүүгө макул болгон, башка комментарий бере албайбыз” деп оозеки гана жооп берди.

"Таанымал адамдар жоопкерчиликти билиши керек"

Коомчулукта кайчы пикирлерди жараткан бул окуя боюнча айрым чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн да пикирин уктук.

Актёр Самат Эркинбеков таанымал адамдар саясий күчтөргө курал болуудан абайлаш керек деген көз карашта:

Самат Эркинбеков.
Самат Эркинбеков.

“Биринчиден, муфтияттын мекемеси ачылып жатканы жакшы нерсе деп ойлойм. Чакырган жерге баруу же барбоо ар бир блогердин өз эрки. Бирок мекемени салып берген демөөрчүлөр менен блогерлердин сүрөткө түшүп, элге жарыялаганын актай албайм. Негизи белгилүү чыгармачыл адам болгондон кийин саясий күчтөрдөн абайлашыбыз керек. Антпесе элге жаман көрүнүп, тепкиде калуу бат эле. Анткени таанымал адамдарда жоопкерчилик болот. Ошондуктан абайлоо керек. Эгерде мени мындай жерге чакырышса жакшылап ойлонуп иш кылмакмын. Бара турган болсом деле сүрөткө түшмөк эмесмин. Талкууда калгандар деле мындай болорун алдын ала сезишсе керек”.

Миллиондон ашык катталуучусу бар блогер, алып баруучу Назира Айтбекова да белгилүү адамдардын үгүтү анын катталуучуларына таасир берет деген эсептейт:

Назира Айтбекова.
Назира Айтбекова.

“Эми ар кимдин өзүнүн жеке иши, чечими дейин десем, белгилүү адамдар коом алдында жоопкерчиликти сезиши керек экен. Мен муну жон терим менен сезем. Ошондуктан бир дагы саясий топту, саясатчыны колдоп артында турган эмесмин. Турсам дагы жаш, перспективдүү, билимдүүлөрдөн анча-мынча маек алып колдоп коём. Анан блогерлер, тиктокерлер, көп катталуучусу бар белгилүү адамдар жоопкерчиликтүү болуп, артында ээрчиген адамдарды мен каякка сүйрөп баратам, мен колдоп жаткан киши ким, мен сүрөгөн партия кандай партия, анын элге кандай пайда-зыяны тийип жатат деп сөзсүз ойлонуп коюшу шарт. Анткени сага катталган айрым адамдар сага абдан зор ишеним артышат, көзү “сокур”, кулагы “дүлөй” болуп ээрчигендер кездешет. Болгон аң-сезимин сага байлап койгон учурлар болот. Андай учурда туура эмес багыт көрсөтүп алышың мүмкүн. Ошондуктан бир буюмду же адамды жарнамалоодо абай салып, анализ жүргүзүү керек”.

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн билдирген.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төгүп берген.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөө жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG