Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:43

Латвиялык экс-депутатты Бишкектен качырган издөө


Вячеслав Домбровский.
Вячеслав Домбровский.

Латвия парламентинин экс-депутаты Вячеслав Домбровский Орусиянын талабы менен аны Бишкекте милиция кармоого аракет кылганын айтып чыкты. Азырынча кыргыз бийлиги буга байланыштуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) академиясында иштеп жаткан Домбровский 29-сентябрда өз өлкөсүнө чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Латвиялык экс-депутат Кыргызстанда издөөгө алынган

Латвиялык экс-депутат Вячеслав Домбровский бир айдан бери ЕККУнун Бишкектеги академиясында мугалим болуп иштеп жаткан. Ал 29-сентябрда өзүн кыргыз милициясы издеп жүргөнүн таанышынан укканын айтып берди.

"Мен азыр Латвия тараптан бул ишке аралашкан адамдарды жана окуянын чоо-жайын ачыктай албайм. Ал күнү мен жумушка барган эмесмин. Эски таанышым менен телефондон сүйлөшкөндө, мени милиция издеп жатканын, номерим белгилүү болгондуктан бат эле таап алышарын кокустан билип калдым. Эмнеге издеп жатканын түшүнбөй, маалыматты гуглдан дагы издедим. Латвиядан ачылбаган “РИА Новости” агенттигинен (Орусиянын - ред.: ) Тергөө комитети Рига кеңешинин (советтик эстеликтерди ред.:) бузуу чечимин кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген мага жана мурунку чакырылыштагы Латвия парламентинин көпчүлүк депутаттарына кылмыш ишин козгогону жөнүндө маалыматты таптым”, - деди ал.

Экс-депутат өз өлкөсүндө советтик эстеликтерди алып салууга добуш бергени үчүн Орусиянын Тергөө комитетинин суроо-талабы менен кыргыз милициясы аны кармоого аракет кылганын айтууда.

Ал Кыргызстанда Латвиянын элчилиги жок болгондуктан Казакстандагы өкүлчүлүккө кайрылган. Домбровский Латвия менен кыргыз бийлиги сүйлөшкөндөн кийин өз өлкөсүнө чыгып кеткенин билдирди.

“Кыргызстандан самолёт менен чыгып кеттим. Бул кыргыз бийлигинин конструктивдүү позициясынын жардамы менен ишке ашканын дагы бир жолу белгилегим келет”, - деди.

Азырынча Орусиянын жана Кыргызстандын бийлиги бул боюнча комментарий бере элек. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты тактап берерин билдирди.

Вячеслав Домбровский Латвиянын парламенти Сеймде депутат болуп турган учурда Орусия мамлекетин "терроризмдин демөөрчүсү" деп тааныган резолюцияга добуш берген жана орусиялыктарга туристтик виза берүүнү токтотууну колдогон. 2022-жылы Сейм Ригадагы Советтик армиянын жоокерлерине тургузулган комплексти сүрдүрүп салууга жол ачкан мыйзам кабыл алган.

Кадыровду сындаган активисттин Кыргызстандагы тагдыры

Ал ортодо Биринчи Май райондук соту Кыргызстанда кармалган чеченстандык активист Мансур Мовлаевди мекенине депортациялоо чечимин кабыл алды.

Адвокаты Бакыт Автандилдин айтымында, Мовлаев депортацияланса, чечен күч органдарынын кыйноосуна кабыларын айтып, канча жыл берилсе дагы бул жакта жазасын өтөөнү суранган.

"Биринчи Май райондук соту кыйноого каршы Конвенция сыяктуу бардык эл аралык келишимдерди, улуттук мыйзамдарды дагы бузуп, кошумча жаза катары өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды", - деди Автандил.

Жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арызданарын билдирди.

Атайын кызмат августта Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Мансур Мовлаев сот залында.
Мансур Мовлаев сот залында.

Мекеме 28 жаштагы шектүү радикал идеологияны карманарын, Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо максатында анын эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөп жүргөнүн кошумчалаган.

Ал быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнү аныкталганы кабарланган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып коюлганы айтылган.

VC.RU сайтындагы маалыматта белгиленгендей, Мовлаев - Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду кескин сындап жүргөндөрдүн бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалганда Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Бишкекте кармалып, Орусияга чыгарылган активисттер

Буга чейин да Орусиянын бийлигин сындаган активист, саясатчыларды Бишкектен Кыргызстандын күч органдары кармап, өткөрүп берген учурлар болгон.

Орусиялык активист Алексей Рожков .
Орусиялык активист Алексей Рожков .

6-июнда Украинадагы согушка каршы чыккан активист Алексей Рожков Кыргызстандан Орусияга экстрадицияланган, мекенинде ага "аскер комиссариатынын имаратына өрт койгон" деген айып тагылган.

Маалыматтарга караганда, Орусияда Рожков активисттердин арасынан алгачкылардан болуп согушка каршы чыккан. Ал каршылык иретинде 2022-жылы мартта аскер комиссариатына өрт койгон учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кыргызстанда камакка алынган орусиялык активист Алена Крылова июнь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Крылова Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы, бул өлкөдө экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу болгон.

Адвокаттары ал Кыргызстандан башпаанек сурап, расмий түрдө өтүнүч келтиргенин, документтери каралып жатканын, качкын макамын берүү же бербөө чечими кабыл алынганча аны өлкөдөн чыгарууга болбой турганын билдиришкен.

Кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова качкындар тууралуу мыйзам жакшы иштебей турганын айтып келет. Айрыкча Украинадагы согуштун тушунда качып келгендерге жардам көрсөтүү механизмдери жок экенин белгиледи.

"Булар өлкөсүнөн качкан, качкындар да. Бизде "Качкындар жөнүндө" мыйзам бар, ратификациядан өткөргөнбүз. Бирок ошол конвенция, мыйзам Кыргызстанда жакшы иштебейт. Биз дайыма укук коргоочулар ушул жерге келгенде көп такалабыз. Мыйзамдын иштөө механизми жакшы эмес. Кээ бир өлкөлөрдө "мен согушка барбайм" деп качып келгендерге жардам берүү жолдору жөнгө салынган. Бизде таптакыр механизми жок болуп калды да. Жогорку Кеңеш эмнени гана карабайт, "кыздарды чет мамлекетке чыгарбайлы, турмушка чыккан кыздарды текшерели" дегенге чейин талкуулап жатышат. Бирок "мага тынчтык керек, согушпайм" деп келген миңдеген адамдардын маселеси, аларды коргоо механизми көтөрүлгөн жок. Алар аялуу катмар бойдон эле арабызда жүрөт. Каалаган учурда кармап кетиши мүмкүн. Орусия көптөрүнө суроо-талап деле кыла албайт. Себеби кимиси кайда чыгып кеткенин билбей деле калды. Азыр башка өлкөгө чыгып кеткенден кийин дагы социалдык тармактар аркылуу оюн билдирип жүргөндөрдү бир гана Кыргызстандан эмес, башка өлкөлөрдөн дагы таап, сурап жатышат. Башпаанек сураган, расмий каттоого алынгандардын мөөнөтүн узартып, үчүнчү өлкөгө чыгарууга колдоо көрсөткөнүбүз менен, Орусиядан, согуштан качып келгендердин 99% колдоосуз калууда. Аларга кеңеш берүү мүмкүнчүлүгү да болбой жатат", - деди укук коргоочу.

Мобилизациядан качкан орус жаранын депортациялаган учур Казакстанда дагы катталган.

13-июнда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигинде (КМШ) мамлекет аралык издөө жарыяланган адамдарды видео камералардан таанып, аныктоо системасы иштей баштаганын, 57 адамды кармашканын маалымдаган. Кабарларга караганда, орусиялык күч түзүмдөрү кыргызстандык кесиптештерине мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миң кишинин сүрөттөрүн өткөрүп берген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG