Орус армиясынын 5-октябрда Украинанын Купянск районуна жасаган чабуулунда элүүгө жакын адам каза болду. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, набыт кеткендердин арасында алты жаштагы бала да бар. Президент Владимир Зеленский карапайым элге жасалган бул кол салууну Орусиянын "өзгөчө катаал кылмышы" деп атады.
Купянск району - Харьков облусунда жайгашкан. Расмий маалыматта районго караштуу Гроза азык-түлүк дүкөнүнө ракета тийгени айтылат. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат.
Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк аткыланганын четке кагып, аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын белгилейт.
5-октябрга караган түнү орус армиясы "Шахед" жанкечти дрондору менен Украинанын Кировоград, Николаев жана Одесса облустарына да сокку урган. Киев 29 учкучсуз аппараттын 24ү атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Орусиянын Курск облусунун губернатору ушул күнү украин күчтөрү Орусиянын чек арадагы Суджа, Коренев, Глушков райондоруна, Рыльск шаарына дрон менен чабуул коюп, электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын маалымдаган.