Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Бишкекте КМШ лидерлеринин саммити өтөт


КМШ лидерлеринин саммити. Астана. 2022-жыл.
КМШ лидерлеринин саммити. Астана. 2022-жыл.

13-октябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин жыйыны өтөт.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирди.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат. КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, - деди Азымбакиев.

КМШ лидерлеринин саммити былтыр Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

КМШ - СССР таркаган соң анын мейкиндигинде пайда болгон эгемен өлкөлөрдүн бирикмеси. Алгач Орусия, Беларус жана Украина 1991-жылдын 7-8-декабрында Беловеж келишиминин алкагында “Суверендүү Мамлекеттердин Союзун” түзгөн.

Кийинки сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аларга ошол эле жылдын 21-декабрында Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан да кошулган. Уюм ошондон кийин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги – КМШ деп аталып калган.

Уюмга мурдагы советтик республикалардан Латвия, Литва, Эстония кошулган эмес. Грузия 1993-жылы кошулуп, 2008-жылы Орусия ага кол салгандан кийин кайра чыгып кеткен. КМШнын негиздөөчүсү болгон Украинанын бийлиги 2014-жылы анын Крым жарым аралын Москва аннексиялап алгандан кийин уюмга мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG