Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

Владимир Путин расмий сапар менен Бишкекке келет


Президент Садыр Жапаров жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Архив.
Президент Садыр Жапаров жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Архив.

Орусиянын президенти Владимир Путин 12-октябрда расмий сапар менен Бишкекке келет.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирди.

Ага ылайык, сапар алкагында эки өлкөнүн президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашат.

“Мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылууда”, - деп билдирди Азымбакиев.

Ал 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөрүн кошумчалады.

Жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынат.

Владимир Путин Бишкекке буга чейин былтыр декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген. Бул орус лидеринин Кремль Украинага кол салгандан бери Бишкекке экинчи сапары болуп калат.

КМШга Орусия, Беларус, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG