Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Физика боюнча Нобел сыйлыгы электронду, жарыкты изилдеген илимпоздорго берилди


Стокгольмдогу Падышалык Илимдер академиясында Нобел сыйлыгын ыйгаруу учуру.
Стокгольмдогу Падышалык Илимдер академиясында Нобел сыйлыгын ыйгаруу учуру.

Физика боюнча Нобел сыйлыгына окумуштуулар Пьер Агостини, Ференц Краус жана Анна Л'Юилье татыктуу деп табылды. Америкалык, германиялык жана швециялык бул илимпоздор электронду жана жарыктын табиятын изилдегени үчүн абройлуу сыйлыкка ээ болгонун Нобел комитети билдирди.

Бир күн мурун Медицина жана физиология тармагындагы Нобел сыйлыгы венгриялык окумуштуу Каталин Карико менен америкалык илимпоз Дрю Вайсманга берилген. Алар Covid-19га каршы РНКнын (рибонуклеин кислоталарынын) негизинде вакцинанын жаңы түрүн ойлоп тапканы үчүн сыйланды.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 6-октябрда белгилүү болот. Ага чейин физика, химия, адабият жаатындагы сыйлыкка татыгандар аныкталат. Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгы 1901-жылдан бери ыйгарылып келе жатат. 120 жылдын ичинде 109 кишиге жана 25 уюмга берилди.

Лауреат болгон адам тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат.

Нобел - мыкты илимий изилдөөлөр, революциялык ойлоп табуулар, маданиятка же коомдук өнүгүүгө кошкон ири салым үчүн жыл сайын берилүүчү эң абройлуу эл аралык сыйлык. Нобел фонду 1900-жылы негизделген.

XS
SM
MD
LG