Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Түркия: күрд согушкерлерине катышы бар деген негизде 150дөй киши кармалды


Анкарадагы жардыруудан кийин тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Анкарадагы жардыруудан кийин тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Түркияда "Күрд жумушчу партиясы менен байланышы бар" деген шек менен 150гө жакын адам кармалды.

Түрк полициясы аларды 3-октябрда, Анкарадагы жардыруудан эки күн өткөндөн кийин өлкөнүн ар кайсы аймактарынан колго түшүргөнүн Reuters агенттиги жазды.

1-октябрда эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Расмий маалыматка караганда, анын дагы бир шеригин полиция жок кылган. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алган. Эл аралык маалымат каражаттары бул кол салууга Күрд жумушчу партиясы жоопкерилик алганын жазды.

Дүйшөмбү күнү түрк күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урган.

XS
SM
MD
LG