Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

Илон Масктын Зеленский тууралуу шакаба сүрөтү сынга кабылды


Америкалык миллиардер, Tesla жана Space X компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын
Америкалык миллиардер, Tesla жана Space X компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын

Америкалык миллиардер, Tesla жана Space X компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын Украинанын президенти тууралуу шакаба сүрөтү социалдык тармактарда талкуу жаратты. Ага украин парламенти дагы жооп кайтарды.

Маск 2-октябрда X социалдык түйүнүнө фотошоп менен өзгөртүлгөн Зеленскийдин сүрөтүн коюп, "Миллиард долларлык жардам сурабай отурганыңа беш мүнөт болгондо" деп жазган.

Жети саат ичинде бул билдирүүнү 360 миң адам жактырып, көбүнчө Масктын билдирүүсүн сындаган жүздөгөн комментарийлерди жазышкан.

Ал арада Украинанын парламентинин социалдык баракчасында "Орус пропагандасын жайылтпай калганыңа беш мүнөт өткөндө" деген жазуусу бар Масктын бети чапталган сүрөт жарыяланды.

АКШ Конгрессинде Украинага жардам көрсөтүүнү улантуу боюнча эки ача пикир бар. Республикачылар, анын ичинде мурдагы президент Дональд Трамптын тарапташтары муну ашыкча чыгаша деп эсептешет. Илон Маск дагы буга чейин "АКШ саясатчыларын өз өлкөсүндөгү көйгөйлөргө караганда, Украинадагы маселелер 100 эсе түйшөлтөт" деп жазган.

Мунун алдында Конгресстин эки палатасы тең убактылуу, 45 күнгө эсептелген бюджет тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган жана анда Киевге каражат каралган эмес. Эгерде убактылуу бюджет тууралуу мунаса табылбаса, соңку он жылдын ичиндеги төртүнчү "шатдаун" башталмак.

Байден "биз Украинага колдоонун токтоп калышына жол бере албайбыз" деген.

Байдендин администрациясы Украинага баасы 24 миллиард доллар деп эсептелген курал-жарак жөнөтүүгө аракет кылып жатат.

XS
SM
MD
LG