Оштун Өзгөн районунда 2023-жылдын 8-сентябрынан 8-ноябрга чейин митинг, тынч акцияларга чогулууга тыюу салынды. Буга удаа Бишкекте дагы жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү үч айга узартылды.
26-сентябрда абактагы депутат Адахан Мадумаровдун отуздан ашуун тарапташы Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн “Чынар” сейил багына чогулган.
Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып чогулгандарды тараткан.
Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын тургуну Венера Мурзаева бул чечим тууралуу 25-сентябрда кечинде укканын айтты.
Мурзаеванын айтымында, 26-сентябрда Өзгөндө абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары аны үй камагына чыгаруу талабы менен митинг өткөрмөк. Акцияга бир күн калганда милиция кызматкерлери аларга соттун чечимин көрсөткөн.
"Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин начарлап кеткенине байланыштуу биз - анын шайлоочулары саясатчыны үй камагына чыгаруу талабы менен тынч митинг уюштурмакпыз. Бир күн калганда, кечинде бизге соттун чечими тууралуу айтышты. Жарыяланып калгандан кийин эртеси күнү эл чогулду. Милиция кызматкерлери аябай көп экен. "Тарагыла же күч колдонобуз" дешти. Мыйзамсыз иш-аракеттерге барбайбыз десек да көнүшкөн жок. Топтолуп алгандан кийин айылдагы Адахан Кимсанбаевичтин шайлоочусунун үйүнө барып, ошол жерден кайрылуу жасадык. Жергиликтүү эл бул токтомго нааразы. Биз митингге чыгабыз дегенде ушундай токтом токуй калышты. Эгемен өлкөдө жашайбыз, сөз эркиндиги бар, биз нааразылыгыбызды айтууга укуктуубуз. Булар мыйзамды бузуп, элди басынтып, коркутуш үчүн ушундай чечимдерди кабыл алып жатат деп эл нааразы".
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы 29-сентябрда "Азаттыкка" билдиргендей, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү Өзгөн райондук сотуна тынч жыйындарга чогулууга тыюу салуу арызы менен кайрылган.
Сот арызды 12-сентябрда канааттандырган. Чечимге ылайык, Өзгөн райондук администрациясынын, мэриянын, маданият үйүнүн, айыл өкмөттөрдүн алдында, стадиондордо жана башка коомдук жайларда митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.
Өзгөн райондук милициясы митинг, жыйындарга эмнеге тыюу салынганынын себебин түшүндүргөн жок.
Мындан улам социалдык тармактардын колдонуучулары "Эмнеге?" деген суроо салып жатышат.
Бул арада Бишкекте дагы жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү үч айга узартылды.
29-сентябрда Биринчи Май райондук соту райондук администрациянын тынч жыйындар өтчү жерлерди чектөө арызын канааттандырган чечим чыгарган. Чектөө 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келет.
Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Орусиянын, Украинанын, АКШ элчиликтеринин алдында жана улуттук филармония жайгашкан жерлерге да чогулууга тыюу салынганы кабарланган. Акция өткөрүүнү каалагандар Горький атындагы бакчага чогулса болот.
Юрист Нурбек Токтакунов чектөөлөрдү 2021-жылы референдум жолу менен өзгөртүлгөн Конституциянын кесепеттери деп белгиледи.
"Эл өзү 2021-жылы "Ханституцияны" кабыл алып бербедиби. Эми унчукпай жүрө бериш керек. Убагында эл өзү референдумга барды, добушун берип, макул болду. Эми жүйөлүү себептер болсо, эл тыюуга карабай эле чыга берет. Эркиндик күрөштү талап кылат. Бирок азыркы мыйзамдар боюнча акцияга чыккандар камалып кетиши мүмкүн. Мына ушуга даяр болгондор чыгат, даяр эместер чыкпайт. Журналисттер эркиндик, сөз эркиндиги үчүн күрөшкөнү оң. Азыр баарын четинен коркутуп, эч ким унчукпай калды".
Анткен менен журналист Асел Сооронбаева азыркы Конституция тынч жыйындарды өткөрүүгө жол бере турганын эскертти.
"Конституциянын 39-беренесинде "ар бир адам тынч чогулуштарды өткөрүүгө укуктуу" деп турат. Эгер митинг аркылуу жарандардын оюн ачык айтууга, жарандык позициясын билдирүүгө тыюу салынып жатса, демек Конституциянын бул беренеси иштебей жатат да. Мындан тышкары ошол эле Фейсбук аркылуу бийликке сын айтканы үчүн камалган адамдар болууда. Ушундай прецеденттер көбөйгөн сайын бийлик менен элдин ортосундагы байланыш алыстай баштайт. Бул деген бийлик элди укпай жатат, бийлик элдин көйгөйүнө маани бербей, аларды чечүүдөн баш тартып жатат дегенди билдирет".
Адвокат Бактыбек Жумашев кыргыз бийлигинин жана сотторунун митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдерине каршы кайрылуу даярдап жүргөнү айтылган.
Ал учурда Жогорку соттун чечиминин көчүрмөсүн алгандан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тийиштүү мекемелерине кайрыла турганын айтты:
"Бул боюнча Жогорку Соттун чечими колума тийген. Биз азыр аны расмий түрдө англис тилине которуп, даярдап жатабыз. Кайрылуу даяр болуп, Бириккен Улуттар Уюмуна жөнөткөндө сиздерге кабарлап коём", - деди Бакытбек Жумашев.
Быйыл 29-апрелде Жогорку сот адвокаттын Бишкекте митингдерге тыюу салган чечим боюнча арызын канааттандыруудан баш тарткан. Жактоочу Жогорку сотко буга чейин шаардык сот кабыл алган чечимге даттанып кайрылган, себеби аталган мекеме анын апелляциялык арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Эл аралык уюмдар Кыргызстан соңку жылдары автократияга оогонун белгилешүүдө. Ал эми кыргыз бийлиги өлкөдө демократиянын негиздери толук сакталып турганын, сөз эркиндигине чектөө жок экенин айтып келет.