Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Чолпон Жакупова: Бийлик демократиянын принциптерине туура келбеген жолго барып жатат


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ачык кайрылуу жарыялады.

Кайрылууда ал өлкөдөгү сөз эркиндиги жөнүндө акыркы окуяларды мисал кылып, анализин жазган. Анда Кыргызстанда COVID-19 илдетине байланыштуу абал өтө оор экени, жарандык коом, ыктыярчылар кырдаалды жөнгө салууда эбегейсиз эмгек кылып жатканы айтылат. Өлкө жарандары көйгөй менен өздөрү жалгыз калганын белгилеп, айрымдардын маселени чечүүдө четте турбай жардам берип жатканы сөз эркиндиги жана жарандык коомдун активдүүлүгүнүн белгиси экени жазылган. Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккан парламент алардын ишине тоскоолдук жаратып жатканына токтолгон.

Кайрылууда Жакупова Интернеттеги бийликти сындаган тамаша билдирүүлөрү үчүн күч кызматкерлери жарандарды суракка алып жатканын, өз пикирин айтууга чыккандардын камалышын кескин сындаган.

“Тынч жыйындар, ар кандай сындардын баарын эле мамлекет кылмыш катары баалап жаткандай элес калтырууда. Мындан улам сөз эркиндиги биздин коомдун эң маанилүү жетишкендиктеринин бири экенин эскертким келет. Бирок бийлик эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухуна жана демократиялык принциптерге сыйбаган жолдо туруп жатат. Катаал чаралар саясаты биздин коомго ылайыксыз. Бийлик мындай ашкере катаал жана мыйзамга каршы аракеттеринен тескери натыйжа алып калышы мүмкүн. Бийликтин мындай алаңгазар кадамдары, тескерисинче, жарандардын биригүүсүн шарттайт”, - деп айтылат Жакупованын ачык кайрылуусунда.

Юрист социалдык тармактарда, медиада кысымга кабылган блогер жана активисттерди колдоп чыккандар көп экенин белгилеп, бийлик өкүлдөрүн реалдуу чындыкты көрүүгө чакырды. Ошондой эле бийликтен сөз эркиндигине басым жасоону токтотууну талап кылды.

Ал башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон бийликти сындаган жарандарды күч кызматкерлеринин суракка алганы боюнча юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдон Баш мыйзамда жазылгандай адам укугун жана сөз эркиндигин камсыз кылууну суранган.

Президенттик аппарат жана Башкы прокуратура Чолпон Жакупованын кайрылуусуна комментарий бере элек.

Ушул апта ичинде Интернетте бийликке тамашалуу сын жазган үч жаран күч органдарында сурак берип чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG