Орусияда мигранттарды келишим негизинде Украинадагы согушка тартуу аракеттери, анын ичинен аялдарды үгүттөгөн учурлар кездешүүдө.
Мындай окуяга дуушар болгон мигранттар кыз-келиндерди келишим менен ашпозчулукка, тажрыйбасы барларды медайымдыкка чакырып жатканын "Азаттыкка" айтып беришти.
Буга чейин "Свобода" радиосу Орусиянын айрым аймактарындагы аялдар басымдуулук кылган бала бакча, бейтапкана, китепканаларда согушка үгүттөгөн жарнамалар көбөйгөнүн, абактагы кыз-келиндерди согушка тартуу аракети башталганын жазып чыккан.
Бир эмес үч жолу согушка чакыруу алган кыргызстандык мигрант Нуржамалдын окуясын өз оозунан уктук. Ал Орусияда 10 жылдан бери ашпозчу болуп иштейт.
Ал Украинанын согуш болуп жаткан аймактарына барып иштеп келүүгө чакырган кагазды алгач мындан төрт ай мурда алган. Каарманыбыздын ысымы белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү.
Нуржамал Кыргызстандын жараны, орус паспортун алган эмес. Ошого карабай ага мындай сунуш айтылып жатканына бир чети таңыркап, бир чети кооптонуп калганын айтууда. Ал Хабаровск шаарында жашап, иштейт.
"Чакыруу төрт ай мурда келген. Анда "ушул номурга чалгыла" деп белгилептир. Дароо эле чалып, "мага чакыруу келиптир, эмнеге мени согушка чакырып жатасыңар?" деп сурадым. "Силер бул жерде ансыз деле иштегени келгенсиңер, айлык аласыңар. Биз андан көбүрөөк төлөп беребиз" дешти. Айына 200 миң жана жылына 1 млн убада кылышты. Мен бул жакта орустардын өздөрүнүн кыз-келиндери жүргөнүн айтып, дароо эле баш тарттым. Алар "сага айырмасы кандай, сен иштегени келгенсиң, сага акча керек да" дешти. Мен өзүмдүн өмүрүмдү акчага баалап барбайм да", - деди ал.
Мындан көп өтпөй белгисиз номурдан бейтааныш адамдар эки жолу телефон чалып, кайрадан согуш жүрүп жаткан аймакка барып иштөөгө үндөгөн. Нуржамал телефон чалгандар расмий мекемеден болушу мүмкүн экенин болжоп жатат.
"Экөөндө тең баш тарттым. Акыркы күндөрү орус жарандыгыбыз жок болсо дагы кыргызстандыктарга чакыруу көп болуп жатат. Мен эле эмес, чогуу иштеген балдар деле орус паспортун алган эмес, бирок чакыруу келди. Аларга деле миллион рубль сунуш кылып жатышат. Кааласаңар үй беребиз дейт. Документтери жараксыз жарандар болсо, аларга Орусиянын жарандыгын беребиз деген сунуштар айтылууда. Бардыгы эле баш тартып жатат. Ошонун айынан бул жактагы ишин таштап Кыргызстанга кетип калгандар канча? Кыргызстан эртерээк оңолсо, ошол жакка эле кетмекпиз, Орусияда түрткүнчүк болбой".
Абактан чакыруу алган Гүлбарчын
Буга чейин Орусиядагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандык кыздын каты "Азаттыктын" колуна тийген.
Гүлбарчын аттуу кыз (аты өзгөртүлдү) жакындарына жазган катында өзү жаткан түрмөгө Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, согушка барууга үндөп, каалоочулардын тизмесин алып кеткенин билдирген.
"Бизден согушка барчуларды тизмелеп жазып кетишти. Жаза мөөнөтү узак болгондор "эркиндик алабыз" деген үмүт менен бүт эле жазылышты. Мен баш тарттым. Кудай буйруса, Кыргызстанга кетем", - деп жазган Гүлбарчын.
Орусияда иштеп жүрүп, маңзат ташууга айыпталып, 12 жылга кесилип кеткен Гүлбарчын Владимир облусундагы аялдар абагында отурат. Анын катын бизге берген жакындарынын маалымдашынча, Гүлбарчын Кыргызстанга экстрадицияны күтүп жүрөт.
Мындан мурдараак Орусияда он жылдан ашуун убактан бери иштеп жүргөн кыргызстандык Алтынай (ысымы өзгөртүлдү) тийиштүү органдардын кызматкерлери үйлөргө чейин келип, келишим менен согушка барууга чакырып жатканын айтып берген.
Мындай сунуш күйөөсүнө да, өзүнө да айтылган. Алардын орус паспортун алганына көп болгон.
"Азыр Орусияда үйгө чейин келип келишим менен иштеп келсеңер болот деп сунуштап жатышат. Ашпозчу же бир-эки ай окуп, медайым болгула дешти. Жумуштагылар менен сүйлөшүп калганда уктум, алардын айрымдарына дагы ушундай сунуш болуптур. Бир гана башка улуттагыларга эмес, орустардын өздөрүнө деле сунуштаган экен", - деген.
"Эркектерди көчөдөн эле алып кетүүдө"
Орусиядагы мигранттардын көбү мындай чакыруу келгенин ар кандай себептерден улам ачык айтып чыкпайт. Айрымдары жеке жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп сактанат. Бул өлкөдө иштеп, жашап жаткан активисттер мигранттарды келишимдик негизде согушка тарткан, анын ичинде аялдарды да азгырган көрүнүштөр уланып жатканын айтышууда.
Алардын бири Жумабек көчөдөн кагазга кол койдуруп алып, бир айлык лагерге деген жүйө менен согушка айдаган учурлары бар экенин айтып берди:
"Август айында ушундай бир учур болду. Кыргызстандык жигитке көчөдө эле кол койдуруп алып, ал дүкөнгө барып келейин деп ошол бойдон качып, андан ары Кыргызстанга кетти көп өтпөй. Көбү эмне кагазга кол койдуруп жатканын түшүнбөйт. Азыр рейддер болуп, көбү өлкөдөн чыгарылып жатпайбы. Ошого байланыштуу документ тапшырып жатат деп эле кол коюп коюшат. Кол коюлгандан кийин болду деп документтерин алып коёт. Азыр убактылуу кармоочу жайларда дагы кысымдар болуп жатат. Кыргызстандыктарга басым бир аз азайды. Учурда патент менен жүргөн тажик, өзбек улутундагыларды кысып жатат. Ал эми кыргызстандыктар орус паспортун алса дагы аскердик каттоого турган эмес. Ошолорду түз эле алып кетүүдө. Алардын кеткени билинбей деле калып жатат. Анткени "туугандарыңа айтпайсың" деп жаздырып алат экен. Телефондорун алып коет. Биздин телефондорубузду жатка билгендер же кимдир бирөөлөр аркылуу билип калып жатабыз алып кеткендерин".
"Азаттыктын" орус кызматы да Орусия учурда келишимдик негизде Украинадагы согушка барууга аялдарды азгыра баштаганын жазган. Ага ылайык, ушундай келишимге аскер кызматкеринин аялы дагы кол коюп, Украинадагы согушка кетип дайынсыз болгон күйөөсүн өзү издөөгө белсенген. Согушка кетип, байланыш үзүлгөн бир туугандарын издеш үчүн өз ыктыяры менен майданга аттанган башка аялдар, абактан кеткендер да бар экени ошол макалада айтылган.
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгилөөдө. Ушул максатта элчиликтин өкүлдөрү абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар менен жолугуп келгенин мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова белгиледи:
"Элчиликке абактагы кыз-келиндерди өз эркине каршы кандайдыр бир согуштук аракеттерге тартуу фактысы боюнча расмий кайрылуулар болгон эмес. Мындан сырткары элчиликтин консулдук бөлүмүнүн, ошондой эле элчиликтин канцелярияларынын кызматкерлери абактагы жарандардан байма-бай кабар алып, тийиштүү консультацияларды берип турат. Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо алкагында август айында эле бир катар иштер аткарылды".
Элчилик жогоруда аталган жагдайларга туш болгон жарандар ыкчам байланыш телефону аркылуу кайрылса, тийиштүү консулдук жана укуктук жардамдар көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Элчиликтин ишеним телефон байланышы: +7(925)1155047, +7(925)2855047.
Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган.
Азырынча орус абактарында отурган кыргызстандык аялдардан согушка кеткендери тууралуу так маалымат жок. Элчилик согушка ар кандай жагдайда тартылган, андан каза болгон же кайтып келген кыргызстандыктардын так саны белгисиз экенин айтты.
Кыргызстан эки өлкө ортосундагы согуш боюнча бейтарап позицияны карманып келет.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.