Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Кара-Суу базарындагы маселе парламентте көтөрүлдү


"Туратали" базары. Архивдик сүрөт.
"Туратали" базары. Архивдик сүрөт.

Кара-Суудагы базарда иштеген 300дөй соодагердин нааразылыгы боюнча маселе бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутаттар Балбак Түлөбаев, Дастан Бекешев, Алишер Козуев жана Таалайбек Сарыбашов соодагерлердин жер тилкелерин тартып алуу коркунучу жаралганын, андайга жол бербөө керектигин, алардын Конституцияда кепилденген менчик укугу бузулуп жатканын айтышты.

“Ал жерде 300 кишини “кызыл китеби” менен боздоткону жатасыңар. Министрлер кабинети сотко берген чечимин кайра алсын. Ошол жерде базарлык кылып отурган кишинин эмнеси коррупционер, анын эмнесин сотко берип жатасыңар, эмнеге базардан сүрүп чыгарып жатасыңар? Кайсы чечим менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө бердиңер, эмне үчүн энесине каттатып койгон, мамлекет өзүнө алгандан кийин өзү иштетпейт беле?”, - деди депутат Балбак Түлөбаев.

Жыйынга катышкан президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов бул боюнча комментарий берген жок.

Быйыл июнь айында 300дөй соодагердин атынан өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдонгон. Алар базардагы жер тилкелерин сатып алганы тууралуу документтери бар экенин, бирок менчик укугун базардын ээси "жер тилкелерин азыр жок ишкана силерге мыйзамсыз саткан" деген негизде жокко чыгаруу аракетин көрүп жатканын, Жогорку соттун аларды колдогон чечими кайра облустук сотто каралып жатканын айтышкан.

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын аймагындагы “Туратали” базары 1994-жылы негизделген, 2005-жылы соттун чечими менен мамлекетке өткөн. Ал жалпы Борбор Азия аймагындагы эң ири соода жайларынын бири деп эсептелген, дээрлик 20 гектар жерде жайгашкан “Кара-Суу” базарындагы 19 жеке базардын бири болчу. Алты гектардай жерде жайгашкан “Тураталиде” 600дөй контейнер бар экени, 1200дөй соодагер эмгектенери кабарланган.

2022-жылдын 5-сентябрында «Туратали» менен «Кара-Суу» ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишим кабыл алынган. Анын максаты – базарды модернизациялоо, жаңы соода-мейманкана объектисин куруу, өрт коопсуздугуна жана санитардык нормаларга ылайык келген заманбап инфраструктура түзүү экени айтылган. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG