Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Мадумаров боюнча комиссиянын курамы бүгүн да каралган жок


Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт.
Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча депутаттык комиссия маселеси парламенттин бүгүнкү 27-сентябрдагы жалпы отурумунда да чечилбей калды. Комиссия түзүү маселеси чечилгенин, анын курамын гана добушка коюу керектигин айткан депутат Гуля Кожокуловага жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Нурланбек Азыгалиев жооп берди.

“Бүгүнкү күн тартибине киргизе албайм, анткени фракциянын чечими жок. Эмкиде фракциянын чечимин алып келсеңиздер, мен күн тартибине киргизип берейин”, - деди Азыгалиев.

Депутат Кожокулова вице-спикердин мындай позициясы туура эмес деген оюн айтты:

“Фракциянын чечими бар. Регламенттин 80-беренесине ылайык, сиз күн тартибине киргизишиңиз керек. Комиссия түзүү маселеси чечилген. Анын курамы тууралуу маселени гана добушка коюу керек”.

Азыгалиевдин “Сиздердин чечим ошол жыйын учурунда гана жарактуу болчу” деген жообуна Кожокулова “Андай чектөө каерде жазылып турат? Андай болбойт да, төрага. Фракциянын чечими бир жыйынга гана жарактуу деген жок. Аны каерден ойлоп таптыңар?”, - деп суроо узатты.

Комиссия маселеси 21-сентябрда да көтөрүлүп, чечилбей калган. Анда депутат Алишер Эрбаев 20-сентябрдагы отурумда “ар бир фракция өзүнүн өкүлүн көрсөтүп, бирок түшүнбөстүктүн негизинде протокол бекитилбей калганын” айткан.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылды. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров өзү ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин билдирген.

Саясатчынын камакка алынышы канчалык мыйзамдуу болгонун аныктоо үчүн парламентте комиссия түзүү сунушталып, 20-сентябрда өтпөй калган.

Комиссиянын курамына алгач алты депутат кирген –Жанарбек Акаев («Альянс»), Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»), Шараптакан Мажитова («Ынтымак»), Жалолидин Нурбаев («Элдик»), Айсара Абдибаева («Ишеним») жана Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан»).

Бирок «Мекенчил» депутаттар тобу менен «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы комиссияга өз өкүлдөрүн сунуштабай коюшкан.

Мындан улам депутат Дастан Бекешев мүчө болуу сунушун айтып чыккандан кийин комиссия түзүү маселеси добушка коюлган. Натыйжада 40 депутат макул болуп, 11и каршы чыккандыктан Нурбек Сыдыгалиев комиссиянын курамы үчүн жети киши, ал эми аны түзүү үчүн 46 добуш керек экенин айтып, кийинки маселени кароого өткөн.

Мадумаровго козголгон иш тергелип бүткөнүн “Азаттыкка” 26-сентябрда анын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG