Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

Батир бөлүштүрүүгө байланыштуу милициянын жетекчилери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, анын орун басары жана кызматкери кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн деген шек менен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факт боюнча атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тергөө жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныкташкан.

“2021-жылы Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан. Андан кийин Турак жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, акчалай сыйлык алуу үчүн документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезекке коюшкан”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Атайын кызматтын маалыматында айтылгандай, 2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулган. Укук коргоо органдарына батирлер мыйзамсыз бөлүштүрүлүп жатканы жөнүндө арыз түшүп, Ош милициясы кылмыштын курамы жок деп ишти кыскарткан.

Кийин Башкы прокуратура кайра ишти жандантып, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Учурда тергөө иштери уланууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG