Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:27

Косоводо куралчан топтун чабуулунан полиция кызматкери набыт болду


Косовонун күчтөрү Баньска айылына кеткен жолду көзөмөлдөп турушат. 24-сентябрь, 2023-жыл.
Косовонун күчтөрү Баньска айылына кеткен жолду көзөмөлдөп турушат. 24-сентябрь, 2023-жыл.

Косовонун Сербия менен чек арасына жакын жайгашкан Баньска айылында 30га чукул куралчан адамдын жекшембидеги чабуулунан полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды.

Косовонун премьер-министри Албин Курти 24-сентябрда билдиргендей, коопсуздук жана аскердик кызматкерлеринин формасына окшош кийим кийген белгисиз адамдар негизинен сербдер басымдуулук кылган аймакка кирип келген жана полиция менен атыша кеткен.

Андан соң куралчан топ аймактагы серб православдарынын чиркөөсүн ээлеп алышкан. Жекшемби күнү түшкө маал Косовонун коопсуздук күчтөрү чиркөөнү курчоого алып турганы, жоочулардан багынып берүүнү талап кылып жатканы кабарланган.

Кийинчерээк Косовонун полициясы үч жоочу жок кылынып, бирөө кармалганын айтты. Азырынча чиркөөдөгү куралчан топ менен тиреш кандай аяктаганы кабарлана элек.

Косовонун бийлиги бул окуяны "террорчул чабуул" деп атап, куралчан адамдарды "Сербия колдогон кылмышкерлер" деп атады. Расмий Белград Косовонун түндүгүндөгү окуя жана Приштинанын айыптоосу тууралуу комментарий бере элек.

Косовонун Ички иштер министрлиги Сербия менен жакынкы чек ара бекетин жапканын маалымдады.

Косоводо май айындагы талаш жараткан жергиликтүү шайлоолордон кийинки кагылышуулардан бери чыңалуу басаңдабай келет.

Расмий Белград мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбайт.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын этностук албандар, 6 пайыздайын этностук сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

XS
SM
MD
LG