Азербайжан 30 жылдан ашык убакыттан кийин өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабакта этностук армяндарды эвакуациялоо жана расмий Бакунун аймактагы жикчил күчтөрдү куралсыздандыруу аракеттери уланууда. 23-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабактагы кырдаалга байланыштуу бири-бирин айыптады. Орусия эки тарап өз ара маселелерин "жөнгө салганын" билдирди.
Тоолуу Карабактагы соңку беш күн ичиндеги чукул өзгөрүү далай этностук армянды качкынга айлантты. Жүздөгөн карабактык армяндар аймактагы негизги шаар саналган Степанакерттеги орусиялык бейпилдик күчтөрү көзөмөлдөгөн аба базасынын айлана-тегерегинде күн кечирип жатканын "Арцах" телеканалы көрсөттү. Базага чогулган тургундардын дээрлик баары Арменияга көчүп кетүүнү көздөшөт.
"Биз эми бул жерде калбайбыз. Биздин качкынга айланган мекендештерибиз өз келечегин мындан ары Арцахтан (Карабактын армянча аталышы) көрө алышпайт. Мекенибизден чыгып кетүү үчүн бир күндүк коридор ачып беришсе деген гана талап бар", - деди Карабактагы айылдардын биринин тургуну Ромела Аванесян.
Этностук армяндардын көбү Арменияга көчөбү?
Азербайжан Тоолуу Карабактагы "антитеррордук" деп сыпатталган аскердик операциясын 19-сентябрда баштаган. Дээрлик 24 саатка созулган чабуулдардан кийин расмий Баку Тоолуу Карабакка өз көзөмөлүн орнотконун жарыялаган.
20-сентябрда Карабактагы этностук армяндардын жетекчилери Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн ок атышпоо тууралуу сунушун кабыл алган. Ошентсе да андан бери маал-маалы менен аймакта атышуулар болуп жатканы кабарланып келет.
Азыр Карабактагы 120 миңдей армяндын тагдыры эмне болот деген суроо кабыргасынан коюлуп турат. Азербайжандын бийлиги Карабактагы армяндардын саны айтылгандан алда канча аз деп эсептейт.
24-сентябрда Тоолуу Карабактагы жикчил армян өкмөтүнүн де-факто лидери Самвел Шахраманяндын кеңешчиси Давид Бабаян аймактагы этностук армяндар "Азербайжандын бир бөлүгү болуп жашагысы келбей турганын", алардын "99 пайызы өз жеринен көчүп кеткиси келерин" Reuters жаңылыктар агенттигине билдирди.
Аны улай Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телекайрылуу жолдоп, Армения Тоолуу Карабактагы этностук армяндарды тосуп аларын айтты.
"Тоолуу Карабактагы армяндардын этностук тазалоого кабылуу коркунучу уланууда. Соңку күндөрү Тоолуу Карабакка гуманитардык жардам жеткирилди. Бирок ал кырдаалды өзгөртпөйт. Тоолуу карабактык армяндарга өз үйүндө жашоо-турмуш улантууга чыныгы шарт түзүлбөсө жана аларды этностук тазалоодон сактай турган натыйжалуу чаралар көрүлбөсө, анда Тоолуу Карабактагы армяндардын өз өмүрүн жана тегин сактап калуу үчүн өз мекенинен качып чыгуу ыктымалдуулугу жогорулайт", - деди Пашинян.
Тоолуу Карабактагы кырдаалдан улам отставкага кетүү чакырыктарына туш болгон Пашинян Еревандын Азербайжандын соңку операциясына кийлигишпегенин кайрадан Армениянын "коопсуздугу жана кызыкчылыгы" менен түшүндүрдү.
БУУдагы кайым айтыш
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 23-сентябрдагы дебаттарында Тоолуу Карабактагы кырдаал тууралуу бир нече жолу сөз болду. Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов расмий Бакунун Карабактагы операциясы максатына жеткенин жарыялады.
Ал Карабактагы "блокада", "гуманитардык кризис" жана "этностук тазалоо" тууралуу айыптоолорду четке кагып, аны Армениянын "манипуляция өнөктүгү" деп атады.
"Бир дагы өлкө өзүнүн жеринде мыйзамсыз аскерлердин жүргөнүнө чыдап отура албайт. Азербайжан да чыдаган жок. Азербайжандын контртеррордук чаралары максаттарына жетти. Армения жана ага баш ийген мыйзамсыз режим куралсыздандырууга, бардык мыйзамсыз түзүмдөрүн жоюуга жана Азербайжандан чыгып кетүүгө макул болууга мажбурланды. Бул аракеттер тынч жол менен ишке ашырылбаганына Армениянын тоготпогон кадамдары жана маселеге аралашкан үчүнчү тараптагы ортомчулардын жетиштүү чара көрбөгөнү негиз берди", - деди Байрамов.
Андан бир нече сааттан кийин Башкы ассамблеяга кайрылган Армениянын башкы дипломаты Арарат Мирзоян Азербайжанды "согуш жолун" тандады деп айыптап, Тоолуу Карабактагы соңку операцияда 200 киши мерт болгонун, 400дөйү жаракат алганын, алардын арасында жайкын тургундар, аялдар жана балдар бар экенин айтты.
Расмий Баку Карабактагы жайкын тургундарды коргоого аларын, курал-жарагын таштаган карабактык армяндарга ырайым берилерин айтып жатат. Азербайжандын бийлиги Тоолуу Карабактагы армян калкын реинтеграциялоону көздөй турганын билдирген.
Тоолуу Карабактагы этностук армяндардын жикчил лидерлери ок атышпоо келимишин аткарып жатканын 23-сентябрда маалымдады. Бул келишимге ылайык, Тоолуу Карабактагы негизги шаар - Степанакертке Армениядан гуманитардык жардам жеткирилүүдө.
Орусиянын бейпилдик күчтөрү эмне болот?
23-сентябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да БУУнун Башкы ассемблеясындагы сөзүндө Тоолуу Карабактагы кырдаалга токтолду.
"Ереван менен Бакунун жетекчилери өз ара эки өлкөнүн суверендүүлүгүн таануу маселесин жөнгө салып алгандан кийин эми тынч жашоого, аны калыптандырууга жана ишенимди бекемдөөгө убакыт келди. Орусиялык бейпилдик күчтөр буга болушунча көмөктөшөт", - деди Лавров.
Орусиянын башкы дипломаты "ортомчулук аракеттерин Армения менен Азербайжанга таңуулап жатат", "Түштүк Кавказды дестабилдештиргиси келет" деп Батыш өлкөлөрүн айыптады.
Расмий Ереван соңку 9 айдан бери азери күчтөрү Тоолуу Карабактагы армяндарды Армениянын негизги аймагы менен байланыштырган Лачын коридорун "блокадага алганын" утур-утур айтып, Орусияны кырдаалды жөнгө сала алган жок деп айыптап келди.
Карабактагы кырдаалдан улам армян коомчулугунда Москвага карата сын көз караш күчөп, өлкөдө Орусия үстөмдүк кылган үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгуу тууралуу чакырыктар да байма-бай көтөрүлүп келет. Армения бир нече күн мурда эле АКШ менен аскердик машыгууларды өткөргөн.
Ишемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен армян премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Вашингтон Армениянын "суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн" коргой турганын айтты. Ошондой эле ал Тоолуу Карабактагы "этностук армян калкы үчүн терең тынчсызданып турганын" белгиледи.
Тоолуу Карабактын талаштуу таржымалы
Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы деп тааныйт. Бирок бул аймак 30 жылдан ашык убакыттан бери де-факто Ереван колдогон этностук армяндардын көзөмөлүндө болуп келди.
Бул убакыт ичинде Карабак үчүн азери армиясы менен армян күчтөрүнүн ортосунда кеминде эки жолу ири согуш жана ондогон майда чатактар чыкты.
Коңшулардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү “Тоолуу Карабак жумурияты” деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.
Бул согуштан кийин Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага ыктаган бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада 100 миңден ашуун адам, көбүнчө этностук азери жарандары жер которууга мажбур болгон.
1993-жылы БУУ Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алган.
2020-жылы Тоолуу Карабактагы кырк күндөн ашкан согуштан кийин Азербайжан жикчил армян күчтөрү көзөмөлдөп турган бир топ райондорду кайтарып алган. Бул согуш Москванын ортомчулугу менен аяктап, аймакка Орусиянын бейпилдик күчтөрү жөнөтүлгөн.