Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

2024-жылы чет элдик тасмалар кыргызча субтитр менен көрсөтүлө баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2024-жылдын жазынан тарта чет элдик тасмалар кыргызча жазуулар менен (субтитр) көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, кинолорго кыргызча жазууларды коштоо боюнча чет элдик тасмаларды алып келген ири дистрибьюторлор менен “Кыргызтасмасы” борбору макулдашты.

“Кыргызтасмасынын” жетекчиси Талантбек Төлөбеков бул чет элдик тасмаларды кыргыз тилине дубляждоонун алгачкы кадамы экенин билдирди.

Буга чейин УТРКнын базасында, жеке менчик телеканаларда жана студияларда тасмалардын, сериалдардын кайсы бир бөлүгү кыргызча которулуп келген. Бирок, өлкөдө чет элдик фильмдердин дээрлик көпчүлүгү орус тилинде көрсөтүлөт. Кыргызстандын аймагында 12 жеке менчик кинотеатр жана 34 жеке менчик киностудия иш алып барат. (TSh)

XS
SM
MD
LG