Сокулук районунун Селекция айылында аялды бычактаганы айтылган кишини милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 20-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.
Милицияга Селекциядагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалды. Маалыматка ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатат.
Мунун алдында социалдык тармактарда Селекция айылында жашаган бир аялды мурдагы күйөөсү бычактап, денесине оор залал келтиргенин жазып чыгышкан.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Соңку жылдары кыз-келиндерге зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алышкан.