Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулар сот залынан чыгарылды


"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар. Архив сүрөт.
"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар. Архив сүрөт.

Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча отурум уланып, анда айыпталуучулар кылмыш иши менен толук тааныша электигин айтышты. Алар дароо сот процесси башталганына нааразы болуп, сот залында ызы-чуу чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы айыпталуучулар сот залынан чыгарылганын кабарлады.

13-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар тергөөнүн материалдары менен таанышуу үчүн дагы убакыт сурап, аны судья Марат Сыдыков канааттандырган. Ага чейинки соттук процессте айыпталган саясатчылар иш менен таанышууга кошумча убакыт сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активист былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (AiA)

XS
SM
MD
LG