Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:26

Баткенде маңзатты жарнамалоого шек саналып үч адам кармалды


Баткен ОИИБи тараткан сүрөт.
Баткен ОИИБи тараткан сүрөт.

Баткен шаарында 18-сентябрда социалдык тармактар аркылуу психотроптук заттарды жарнамалоого шек саналып үч адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, шаардын көчөлөрүндө баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жазуулар пайда болгон. Баткен райондук милициясы жүргүзгөн териштирүүлөрдүн жыйынтыгында кармалган үч киши Ош шаарынын тургундары.

“Алар 25 жаштагы Х.М., 26 жаштагы Н.С., 25 жаштагы Н.М. аттуу жарандар экени аныкталып, алардын экөө мурда сот жообуна тартылганы белгилүү болду”, - деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда интернет аркылуу маңзат соодасын жүргүзгөндөр көбөйгөнү буга чейин айтылып, коомчулукта кызуу талкууланган. Быйыл апрель айында интернет аркылуу сатылган маңзаттарды жеткирип иштеген кишилердин сабалганы тартылган видео тараган. ИИМ бул факты боюнча териштирүү башталганын, кийин үч жаран кармалганын билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинде маңзат соодасына аралашкандарга мүлкүн алып коюу менен он жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

ИИМдин маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG