Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Парламентте электр чыгырыгын айдагандарды көзөмөлдөө сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров тармактык комитеттин жыйынында электр чыгырыгын (электросамокат) айдагандар автоунааларга жана жөө жүргүнчүлөргө жолтоо болуп жатканын, коопсуздугуна көз салуу керек экенин айтты.

“Самокат айдагандарга эреже барбы? Жөө жүргүнчүлөр жүргөн жерде жүрүшчү эле азыр жолго чыгып алышты. Эч кандай оңго же солго бурулуучу белгиси жок эле жүрүшөт. Аларды көзөмөлдөгөн эреже барбы”, - деди депутат.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов депутаттын пикири эске алынарын айтты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда көчөгө электр чыгырыгын (электросамокат) айдап чыккандардын жоопкерчилиги карала турган мыйзам долбоору даярдалып жатканын айткан.

Соңку бир-эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйүүдө. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонуна жүктөлгөн атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү тротуарларда велосипед айдагандар үчүн атайын тилкелер бар.

Шаардыктар көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, жөө жүргүнчүлөрдү же бири-бирин сүзүп, түрдүү окуялар катталып жатканын социалдык түйүндөр аркылуу билдирип жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG