Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Бир нече айылдын аталышын өзгөртүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар айыл аймактардын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык, бул улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган.

  • Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы,
  • Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы,
  • Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы,
  • Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы,
  • Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп өзгөртүү сунушталды.

Долбоордун түшүндүрмөсүндө айтылгандай, жергиликтүү тургундар тизмедеги айылдардын көбүнүн аталышы түшүнүксүз экенин айтып, аталышты өзгөртүүнү колдошкон.

Жогорку Кеңеш буга чейин да бир катар айыл аймактардын атын өзгөртүү боюнча мыйзамдарды кабыл алган. Анын негизинде быйыл январдан тарта Баткен облусунда үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы алмашкан. Апрель айында Талас облусундагы Кара-Буура району Айтматов, ушул эле райондогу Чымкент айылы Чолпонбай болуп өзгөргөн. Андан тышкары Кочкор, Ноокат райондорундагы айыл аймактардын аталышы алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG