Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Алматыда дагы бир каракалпакстандык активист тергөө абагынан чыкты


Алматыдагы камак жайы.
Алматыдагы камак жайы.

Алматыдагы тергөө абагында отурган каракалпакстандык активист Райса Худайбергенова бошотулду. Бул тууралуу 16-сентябрда Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай билдирди.

Кардиолог дарыгер Райса Худайбергенова бир жыл мурда “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салууга аракет кылган” деген шек менен кармалып, камакка алынган.

Ушундай эле айып менен камалган каракалпакстандык активисттер Кошкарбай Төремуратов менен Жангелды Жаксымбетов 13-сентябрда эркиндекке чыккан.

Былтыр сентябрда Казакстанда булардан тышкары каракалпак диаспорасынын дагы бир нече мүчөсү камалган. Тарапташтары бул кармоолорду 2022-жылы июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон жапырт нааразылык акциялар менен байланыштырууда.

Былтыр 1-2-июль күндөрү Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылып, кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, төрт тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген. Башкы прокуратура кармалган 14 кишиге "Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салууга аракет кылуу" беренеси менен айып тагылганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG