Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.
Долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев бул мыйзам коңшу Казакстан, Өзбекстанда кабыл алынганын айтып, Кыргызстан кеч калганын белгиледи.
Акаевдин айтымында, мыйзам кабыл алынса, советтик репрессиянын курмандыктарын актоо үчүн атайын комиссия түзүлөт. Ал комиссияга Улуттук коопсуздук боюнча комитет, (УКМК) Башкы прокуратура, депутаттар, тархычылар кирет.
“Азыр Ноокат, Лейлек же Алайда ата-бабамды “басмачы деп каралаган, акташым керек” деп анын урпактары жүрөт. Сотко жана башка жактарга кайрылып, бюрократиясы көп. Биз мыйзамда сот чечими жок эле атайын комиссия актап бергидей кылып жаздык”, - деди Акаев.
Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.
Долбоорду Жогорку Кеңештин төрт депутаты – Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо даярдаган.
Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган.
Немистер, поляктар, калмактар, карачайлар, балкарлар, ингуштар, чечендер, крым татарлары, корейлер, финндер Сибирге, Борбор Азияга айдалган. Улуттук негизде куугунтукка кабылган калктардын болжолдуу саны 6 миллиондон ашкан.
Тарыхчылар сталиндик репрессиянын залалын иликтөө зарыл экенин, Кыргызстанда бул иштин чети да оюла электигин айтып келет.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын Жогорку Соту былтыр совет мезгилиндеги репрессиянын курмандыгы болгон 200дөн ашык кишини актаган. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин “өзбек элинин мыкты атуулдары советтик репрессиянын курмандыгы болгонун” айткан. Анын мындай билдирүүсү орус коомчулугунда жана маалымат каражаттарында талкууга түшкөн. (TSh)