Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Кыргызстанда балдардын жалпы саны бир жылда 36 миңге көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдардын жалпы саны быйыл жыл башында бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн 36 миңге көп болгонун 13-сентябрда президенттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өсүш 1,3% түздү.

18 жашка чейинки курактагылар дээрлик 2,7 миллионго жеткени, алардын 49% кыздар экени маалымдалды.

Жети жашка чейинкилер 42%, ал эми 7-14 жаш курактагылар 45%, 15-17 жаштагы өспүрүмдөр 13%.

Балдардын көбү (70,5%) айыл жергесинде жашайт.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында былтыр 19-октябрда төрөлгөн. Ошентип, өлкө калкынын саны жети жылда 1 миллионго көбөйдү. Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. (RK)

XS
SM
MD
LG