Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

УКМК Сузакта Июнь окуясына шектүүлөр кармалганын билдирди


Шектүүлөрдүн бири тергөөдө суракта. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүлөрдүн бири тергөөдө суракта. УКМК тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2010-жылдагы Июнь окуяcына тиешеси бар жергиликтүү тургундар кармалганын 14-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Атайын кызмат аларды "жикчил топтордун лидерлери" деп атады.

12-сентябрда кармалган алты кишинин улуусу 65 жашта, кичүүсү 43 жашта экени белгилүү болду. Атайын кызмат алар Июнь калабасы учурунда “жапырт башаламандыкка чакырган, жолдорду тороп, ал жерден качып чыгууга аракет кылган жай тургундарга кол салган” деп маалымдады. УКМК алардын бири "Жалал-Абад шаарынын 48 жаштагы тургунун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси болгон" деп билдирди.

Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

2021-жылы УКМК каргаша тууралуу козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG