Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Москвада киши колдуу болгон жигит кыргызстандык экени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада киши колдуу болуп, сөөгү башы кесилген абалда паркта табылган киши кыргызстандык экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн 14-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, маркумду энеси таанып, ал 29 жаштагы кыргыз жараны экенин билдирди.

“Азыркы учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин караштырып жатат”, - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

ТИМ бул окуяны териштирүү ишин өзгөчө көзөмөлгө алганын, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин («Киши өлтүрүү») негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын 13-сентябрда Орусиядагы элчилик билдирген.

Окуя 12-сентябрда Москванын Фестивальная көчөсүндө болгон. Орусиялык маалымат каражаттары билдиргендей, ал күнү шаарда башы кесилген эки кишинин сөөгү табылган – бири батирде, экинчиси жакын жердеги сейил бакта.

Сейил бакта табылган маркум Кыргызстандан барган жигит болгону, ал эми батирде өлтүрүлгөн киши 56 жаштагы бурятиялык дарыгер экени айтылган.

Кылмышка шектелип 22 жаштагы өзбекстандык кармалды. Ал Орусияга 10-сентябрда барганы, ар кайсы майда жумуштарда иштеп жүргөнү, бычакталган эки киши менен Telegram аркылуу таанышканы, аны полиция бурятиялык киши менен бирге батирге кирип жатканда үйдүн көзөмөл камерасына түшүп калган видеодон аныктап тапканы маалымдалды.

Айрым кабарлар боюнча, шектүү жетим болгондуктан туугандарынын колунда чоңойгон жана зордуктоого кабылып жашап келген.

XS
SM
MD
LG