Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Ливиядагы сел 5000ден ашуун кишинин өмүрүн алды


Сел каптаган Ливиянын Дерна шаары. 12-сентябрь, 2023-жыл.
Сел каптаган Ливиянын Дерна шаары. 12-сентябрь, 2023-жыл.

Ливиянын бийлиги өлкө чыгышын каптаган суу ташкын кеминде 5300дөй адамдын өмүрүн алганын билдирди. Миңдеген адамдын дайыны табылбай жатат. Негизинен табият кырсыгынан Дерна шаары жабыркады. Калаа дээрлик суу алдында калганы, 25% жок болгону кабарланууда. Көрүстөнгө тек-жайы аныкталбаган жүздөгөн адамдын сөөгү жеткирилди.

Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай уюмдарынын Ливиядагы өкүлү Тамер Рамадан Женевадагы брифингде кырсыктын масштабы чоң экенин эл аралык жардамга муктаждык бардыгын белгиледи.

10-сентябрда Ливиянын түндүк-батышын "Даниэл" куюну (циклон) каптап, катуу нөшөр жааган. Натыйжасында дарыялардагы суу нугунан чыгып, Дернадагы эки дамба жырылып, төрт көпүрө жарактан чыккан.

Ливиянын улуттук армиясынын командачысы Халифа Хафтар башкарган чыгыш аймактары убактылуу өкмөттүн көзөмөлүндө эмес.

XS
SM
MD
LG