Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Путин менен Кимдин космодромдогу сүйлөшүүсү аяктады


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

Орусия менен Түндүк Кореянын лидерлери 13-сентябрда Владивостоктогу “Чыгыш” космодромунда жолугушту. Алар алгач “Союз-2” ракеталык комплексин карап чыгышты. Орусиянын президенти Владимир Путин Ким Чен Ын “ракеталык техникага кызыгарын” белгиледи. Жолугушуунун алдында журналисттердин “аскердик-техникалык кызматташтык талкууланабы?” деген суроосуна Путин “бардык маселелерди шашпай сүйлөшөбүз, убакыт бар” деп жооп берди.

Ким Чен Ын Орусия “өз эгемендигин коргоо үчүн катуу турганын” белгилеп, Пхеньян Москва менен алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана “президент Путин баштаган орус өкмөтүнүн бардык чечимдерин колдой турганын” кошумчалады.

Эки лидердин жолугушуусу алгач эки тараптын делегацияларынын коштоосунда өттү. Орус тараптан делегация курамына коргоо министри Сергей Шойгу да кирген. Кийин Ким менен Путин көзмө-көз жолугушканы кабарланды.

Британиялык Financial Times басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, Путин менен Ким Түндүк Кореядан артиллериялык снаряддарды, танктарга каршы ракеталарды Москвага жөнөтүү маселесин талкуулашат.

Ал эми Москва Пхеньянга буудай, мунай, аскердик технологияларды жана акча сунушташы мүмкүн. Буга чейин орус өкмөтүнүн өкүлдөрү түндүк кореялык мигранттарды оккупацияланган Донбассты калыбына келтирүү иштерине жөнөтүүгө даяр экенин билдиришкен.

Вашингтон Путин менен Ким курал-жарак тууралуу макулдашса, аларга каршы жаңы санкция салууга даяр экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG